Перейти на новый сайт
Турат Осмонов: «Бокс — спорттун катаал түрлөрүнүн бири, бирок ал чыныгы жашоого көбүрөөк окшош»

Турат Осмонов: «Бокс — спорттун катаал түрлөрүнүн бири, бирок ал чыныгы жашоого көбүрөөк окшош»

Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети менен болгон кызматташтыктын алкагында, MegaCom компаниясы өз окурмандарын Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын атынан катышууга даярдык көрүп жаткан 12 талапкер менен тааныштырып, алар менен болгон кызыктуу маектерди жарыялап келүүдө. Лицензия алуу үчүн белсене киришкен спортчуларыбыздын катарында Турат Осмонов дагы бар. Турат-бокс боюнча эл аралык класстагы чебер, бокс боюнча Орусияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү (апрель 2015), Түштүк Кореядагы Азия оюндарындагы коло байгенин ээси (2014), Кыргызстандын көп жолку чемпиону.

 

Турат, чоң спортко кандайча келип калдыңыз?
Мен Токмокто төрөлгөм, балалыгым да ушул шаарда өткөн. Азыр менен 22 жаштамын. 11 жашымдан тарта спорт менен машыга баштадым. Бокс секциясына мени атам алып келген. Ал кезде мен өзүм үчүн эле машыгып жүрчүмүн десем болчудай. Атамдын мага болгон ишеничи,ар тараптуу колдоосу мыкты ийгиликтерге жетүүмө түрткү берди. Өзү да бокс менен машыккан эле. Ата-энем мени менен мелдештерде чогуу болушат, жеңиштериме төбөлөрү көккө жете кубанышат, алар-менин жеңиштеримдин данакери.

Бокс дүйнөсүндөгү аздектеген спортчуңуз?

Мага филиппиндик боксчу жарым орто салмак категориясындагы Мэнни Пакьяоун кесиптик ишмердиги жагат. Аны аздектеген спортчум десем болот.

Жаңыдан спорт дүйнөсүнө баш бага баштаган спортчуларга эмне айтмакчысыз?

Азыр мен кеп-кеңеш бере турган куракка жеттим деп эсептебейм (жылмайды). Спортко жаңыдан кадам таштап жаткандарга баштаган ишти таштабай улантуу керек деп айтмакчымын. Ар бир эмгек кандай да болбосун өз жемишин берет эмеспи.

Кесипкөй боксчу убактысын кандай бөлүштүрөт?

Күн сайын эки маал машыгам. Жумасына эки жолу эс алам. Азыр болсо Дүйнө чемпионатына лицензия утуп алууну көздөп, Азия Чемпионатына кызуу даярданып жаткан чагым. Андан соң Олимпиада оюндарына лицензияга ээ болуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшамакчымын.

Олимпиада оюндарында жеңишке жетишип калсаңыз, жеңишиңиз ким үчүн болмокчу?

Орусиядагы Дүйнө кубогу үчүн болгон таймашта жана Түштүк Кореядагы Азия оюндарында жеңиштеримди апама жана карындашыма арнаган элем. Олимпиада оюндарында болсо атама арнамакчымын.

Маалымдама: 
2015 – алтын. Орусиядагы бокс боюнча Эл аралык турнир
2014 –коло. Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн арасында бокс боюнча өткөрүлгөн Дүйнө кубогу (Белоярский ш., Орусия) 
2014 – коло. Инчхондогу 17-Азия оюндары (Түштүк Корея) 
2014 – алтын. «Улуу жибек жолу» деген аталыштагы бокс боюнча эл аралык турнир (Азербайжан) 
2013 – AIBA версиясындагы бокс боюнча Дүйнөлүк Чемпионаттын катышуучусу (Казакстан) 
2012 – Кыргыз Республикасынын чемпиону 
2009 – Кыргыз Республикасынын чемпиону
2008 – Кыргыз Республикасынын чемпиону

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы