Перейти на новый сайт

Бишкекте MegaComдун колдоосу менен китеп окуу боюнча I Чемпионат өткөрүлдү

Бишкекте MegaComдун колдоосу менен китеп окуу боюнча I Чемпионат өткөрүлдү

Бишкек шаарында алгачкы жолу «Оку жана жеңип ал!» деген ураандын алдында китеп окуу боюнча I Чемпионат өткөрүлдү. Мектеп окуучулардын арасында өткөрүлгөн бул саамалык Кыргызстандын BalamaKG камкор ата-энелер клубу тарабынан, жана да MegaCom компаниясынын башкы өнөктөштүгү менен уюштурулган.

Бардыгы болуп мелдешке 6 дан 14жашка чейинки курактагы 30 бала катышып, алар ата мекендик жана дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүнөн үзүндүлөрдү жатка айтып жатышты. Таймаштын экинчи турунун шарты боюнча ата-энелери жана бир туугандары да катышып, театрлаштырылган оюн-зоок көрсөткөндөр болду.

Келген меймандарга майрамдык маанай тартуулаган «Кичинешкалар» жана «Аркада» вокалдык топторунун ырлары айлананы ажайып шаңга бөлөп турду.

MegaCom компаниясы тарабынан даярдалган баш байгени 28-мектептин окуучусу 14 жаштагы Ильяс Мырзалиев жеңип алды. Ал Сергей Есениндин «Гой ты, Русь, моя родная…» жана Максим Горькийдин «Песня о Буревестнике» чыгармаларынан үзүндү айтып берип, өзүнө жетишерлик упай топтой алды. «Бул конкурска катышканыма кубанычтамын, абдан өнөрлүү кыз-жигиттер менен таймашып жеңишке жетишүү мен үчүн оңойго турган жок. Жеңишке жетишкеним тууралуу угуу мен үчүн күтүлбөгөн, жагымдуу сезимдерди тартуулады. Мындан ары да көп окуп, мындай таймаштарга катша бермекчимин», - деген сезимдери менен бөлүшкөн Ильястын кубанычына ортоктош болдук.

Бир да катышуучу белек-бечкексиз калган жок. Мындан тышкары ар бирине дипломдор ыйгарылып, китептер жана мобилдик оператордун фирмалык азембелектери тартууланды.

MegaCom компаниясы билимдүү жаштар үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы