Перейти на новый сайт
Компаниянын кызматкерлери күзөт кызматтары арасында өткөрүлгөн Спартакиада катышышты

Компаниянын кызматкерлери күзөт кызматтары арасында өткөрүлгөн Спартакиада катышышты

MegaCom компаниясынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери, күзөт кызматтарынын өкүлдөрү арасында өткөрүлгөн, Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдык мааракесине жана “Кыргызстандын күзөт жана детективдик мекемелеринин биримдигинин” 5 жылдыгына арналган Спартакиада катышышкан.

Спорттук иш чара 2015-жылдын 20,21-апрелдеринде болуп өттү. MegaCom командасы, жеңишке болгон умтулуусун, дене-тарбия жана спорт даярдыгын көрсөтүп, жалпы командалык 4-орунга ээ болгон. Мегакомчулар өзгөчө аркан тартуу, чоюн шар көтөрүү, 100 метрге чуркоо, тапанчадан атуу, тартылып көтөрүлүү жана айкалыш эстафетасында өздөрүн мыкты көрсөтүшкөн. Бардыгы Спартакиадада республиканын бардык аймактарынан келген 24 команда катышкан.

Компаниянын ынтымактуу жамааты өз кызматкерлеринин жетишкендиктери менен сыймыктанат жана аларга ийгилик каалайт.


 

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1