Перейти на новый сайт

Кийин төлөнүүчү жана GPRS-роумингинин географиясын кеңейтүү иштери улантылууда

Кийин төлөнүүчү жана GPRS-роумингинин географиясын кеңейтүү иштери улантылууда

MegaCom компаниясы Кийин төлөнүүчү жана GPRS-роумингинин географиясын кеңейтүү иштерин активдүү жүргүзүп келет. Үн байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет кызматтарынан төмөндөгү чет өлкөлүк тармактардагы абоненттер пайдалана алышат: 2015-жылдын 24-февралынан тарта CV Móvel (Кабо-Верде), 26-мартынан баштап Orange Mauritius (Маврикий) жана Telecomunicaciones de Guatemala, S. A (Гватемала).

Эми Гватемала өлкөсүнө жана Кабо-Верде жана Маврикий аралдарына саякат жасаган учурда жакындарыңыз менен дайым байланышта болосуз. Жаңы өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында, MegaCom абоненттери өз номурун алмаштырбастан, сапаттуу мобилдик байланыш жана интернет кызматтарынан пайдалана алышат. Бул болсо, досторуна жана жакындарына жаңы тартылган сүрөттөрдү ыкчам жөнөтүү жана социалдык тармактарда баарлашуу мүмкүнчүлүгү. MegaComдун Кийин төлөнүүчү жана GPRS-роуминги каптаган өлкөлөрдүн тизмеси абоненттер үчүн эң таламдуу багыттарды камтыйт.

Роуминг боюнча өнөктөш-операторлордун, өлкөлөрдүн тизмеси, кызматтардын тарифтери менен компаниянын филиалдык түйүндөрүнөн жана расмий сайтынан Роуминг бөлүгүнөн таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы