Перейти на новый сайт
MegaCom Ноорузга карата жагымдуу белектерди даярдады

MegaCom Ноорузга карата жагымдуу белектерди даярдады

Мына, жадыраган жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамы да кирип келди! Жаңыдан жандана баштаган теребелге кошумча көрк берип, өзү менен бирге тазалыкты , аруулукту ала келчү бул майрамды кыргызстандыктар өзгөчө белгилешет.

Бир туугандарына жана жакындарына жакшы тилектерин арнашып, дасторконго түрдүү даамдарын жайнатышып,төрдүн көркү болгон карыялар ак баталарын беришип, элин ынтымак -ырашкерликке үндөйт. MegaCom компаниясы дагы мекендештерин майрамы менен куттуктап, аларга эсте каларлык жагымдуу маанай тартуулоону чечти.

21 –март күнү компаниянын кооз жасалгаланган Сатуу жана тейлөө борборлорунда, Фирмалык салондорунда компаниянын абоненттерин майрамдык даам күтөт. Салтка айланып калгандай эле, ушул күнү компаниянын тейлөө борборлорунда майрамдык акция өткөрүлөт – өз балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер MegaCom түйүнүнүн ичинде колдонууга болгон 50 акысыз SMSти 10 күнгө белекке алышат. Балансты ушундай эле суммага же андан ашык суммага толуктоодо бонустун аракет мөөнөтү дагы 10 күнгө узартылат. Бонустук SMSтердин санын *505# акысыз номурунун жардамы менен билүүгө болот.

MegaCom компаниясынын расмий баракчалары аркылуу иш-чара тууралуу кабардар болуңуз.

Ишенимдүү уюлдук оператор жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктоо менен, туруктуу өсүп-өнүгүүнү, бакубат жана бейпил жашоону каалайт!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы