Перейти на новый сайт
MegaComдун кийин төлөнүүчү жана GPRS-роуминги Индияда ачылды

MegaComдун кийин төлөнүүчү жана GPRS-роуминги Индияда ачылды

MegaCom компаниясынын кийин төлөнүүчү жана GPRS-роуминги үзгүлтүксүз кулач жаюуда. 2015-жылдын 4-февралынан тарта, компаниянын абоненттери үн байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет кызматтарынан Reliance Telecom Ltd (Индия) операторунун тармагында пайдалана алышат.

Экзотикалык Индия айрыкча белгилүү Гоа курортуна Кыргызстандан барган эс алуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Бул эс алуу аймагы өзүнүн кооздугу жана жергиликтүү тургундардын туристтерге болгон жылуу мамилеси менен белгилүү. Аталган курортко саякат жасаган MegaCom абоненттери кийин төлөнүүчү роуминг жана мобилдик интернет кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту: социалдык тармактарда баарлашуу, электрондук почтадан пайдалануу, сайттарга кирүү жана жакын адамдарга ажайып кооз фото-сүрөттөрдү жөнөтүү.

Өлкөлөрдүн роуминг географиясын кеңейтүүдө MegaCom компаниясы биринчиден абоненттер үчүн эң маанилүү багыттарга көңүл бурат. Индия өлкөсүндө эс алууну каалаган кыргызстандыктардын саны көбөйүүдө, андыктан компания абоненттерине кийин төлөнүүчү жана GPRS-роуминг байланыш кызматтарынан пайдаланууга шарт түзүүдө.

Кызматтар боюнча тарифтер, өлкөлөрдүн жана өнөктөш - операторлордун тизмеси менен компаниянын филиалдык түйүндөрүнөн жана компаниянын расмий сайтынын Роуминг бөлүгүнөн таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы