Перейти на новый сайт

MegaCom: Сапат ар дайым биринчи орунда!

MegaCom: Сапат ар дайым биринчи орунда!

MegaCom КМШ өлкөлөрүнүн абройлуу эл аралык Премиясына алгачкы жолу ээ болгон Кыргызстандагы бирден-бир компания болду. Аталган Премия сапаттык мыкты көрсөткүчтөр үчүн ыйгарылат. Эл аралык эксперттердин жогорку баасына татыган улуттук уюлдук операторго атайын диплом жана статуэтка тапшырылды. Көзкаранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин атайын Премиясына татыктуу болгон жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2014-жылдын 27-майында Минск шаарында болуп өттү.

Конкурска катышуу менен MegaCom байланыш тармагында гы өзүнүн татыктуу орду бар экендигин дагы бир ирет далилдей алды.

«Эң маанилүүсү, бул жааттагы ийгилигибиздин көз каранды эмес эл аралык эксперттер тарабынан тастыкталгандыгы абоненттерибиздин, өнөктөштөрүбүздүн, инвесторлорубуздун компаниябызга болгон ишеничин арттырды», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Белгилей кетсек, мыкты сапаттагы жана кардарларынын талаптарына шайкеш келип, алардын мүдөөлөрүн канагаттандырган кызматтарды көрсөтүү максатында MegaCom компаниясы электрбайланыш кызматтарын көрсөтүүнүн сапаттык менеджмент тутумун өз тажрыйбасында кеңири колдонуп келет. MegaCom - ISO 9001:2008 версиясы боюнча сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан ийгиликтүү өткөн Кыргызстандагы эң алгачкы жана биринчи уюлдук байланыш оператору. MegaCom миллиондогон мекендештерибиздин тандоосуна арзып, ишенимине татыктуу болуп келе жаткандыгы буга айкын мисал боло алат.

MegaCom - ишенимдүүлүк, ыкчамдык жана сапат!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы