MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 4-октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Ош шаарындагы «Пекин» мейманканасы, «Анар» кичирайону, Рашид Юнусов көч., Исанов көч. жана насос заводу, бажыкана аймагы, Кара-Суу районунун №71 мектебинин аймагы жана Кара-Суу шаарынын Железнодорожная көчөсү;
- Ысык-Көл облусунун Кара-Коо айылы, Чолпон-Ата шаарынын Гагарин көч., Каракол шаарындагы Курманалиев көч., жана Балыкчы шаарындагы жылытуучу жабдуулар жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы