MegaCom 2013-жылдын 7 айынын ичинде компанияга түшкөн акча тууралуу маалыматты жарыялайт
MegaCom компаниясы 2013-жылдын 7 айынын ичинде компанияга түшкөн акча 4 млрд. 587 млн. сомду түздү. Салык жана башка төлөмдөрдүн суммасы 974 млн. 434 миң сомго барабар (№1таблицаны кар.)
Компания бюджетке колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууда. 2013-жылдын 7 айында компания КР каржы министрлигинин казналык векселдерин жана Улуттук банкынын ноталарын сатып алуу үчүн 7 млрд. 900 млн. сом каражат сарптады.
Уюлдук оператордун 2012-жылдагы көрсөткүчү 7 млрд. 690 млн. сомду түзүп, 2011-жыл менен салыштырмалуу өсүү пайызы 11% болгон болсо, 2012-жылдын 12 айы үчүн казына төлөмдөрү 1 млрд. 528 млн. сомду түздү. Өсүү 2011-жылга салыштырмалуу 17 пайызды түздү.
№1 таблица
млн. сом. | 2011 - жыл | 2012 - жыл | 2013 – ж. 7 айы |
||||||
Түшкөн акча | 6 млрд. 910 млн. | 7 млрд. 690 млн. | 4 млрд. 587 млн. | ||||||
КРдин бюджетине төлөнгөн салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр | 1 млрд. 303 млн. | 1 млрд. 528 млн. | 974 млн. 434 миң | ||||||
Ушул убакыттын аралыгында төлөнгөн үлүшпайда | 541 млн. 352 миң сом | 663 млн. 629 миң сом | Жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат | ||||||
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу | 1 млрд. 700 млн. сом | - | 7 млрд. 900 млн. сом |
Улуттук мобилдик оператор, каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ачыктыкты алдыңкы орунга коюп, түшкөн акча, киреше, өлкө бюджетине которулуп жаткан салык, үлүшпайда жана башка төлөмдөрү тууралуу компаниянын www.megacom.kg расмий сайтында жана башка массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыялап турат.