Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы Ата Мекенин коргоочуларды жеңиш Күнү менен куттуктады

MegaCom компаниясы Ата Мекенин коргоочуларды жеңиш Күнү менен куттуктады

Салтка айлангандай эле, MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун 1000 ардагерин 9-май майрамы менен куттуктады.

Улуу Жеңиш күнүн утурлай, улуттук мобилдик оператор мекен коргоочуларынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурду. Келген ар бир мейманга бир жолку берилүүчү 2000сом өлчөмүндөгү акча каражаты жана курман болгондорду жана каардуу согуш күндөрүн эскерүүнүн символу болгон гвоздика гүлдөрү тартууланды. Компания тарабынан даярдалган театралдык оюн-зоок, «Полктошуна телефон чалуу» акциясы менен уланды. Жүзүнөн толкундануу сезилген ар бир ардагер майдандаш досторуна телефон чалып, Жеңиш Күнү менен куттуктап жатты.

MegaCom компаниясынын адистери ден соолугуна байланыштуу иш-чарага катыша албай калган ардагерлерибиздин үйлөрүнө барышат. Өзү жетектеген компания волонтерлорунун максатын Башкы директор Азат Базаркулов кыскача баяндай кетти: «Күндөн-күнгө катары суюлуп бара жаткан ардагерлерибизге колдоо көрсөтүү бүгүнкү күндүн кечиктирилгис милдеттеринин бири. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оорук эмгекчилерине даректүү жардам көрсөтүүнү жана аларга чын дилинен колдоону компаниябыз көз жаздымда калтырбай келет ”

Жыл сайын, 9-Майга жана 1-Октябрга карата, MegaCom компаниясы тарабынан согуштун ардагерлерине материалдык жардам түрүндө 4 миллион сом бөлүнөт. Кайрымдуулук акциясына катышуу менен MegaCom компаниясынын абоненттери мекенинин эр жүрөк уул-кыздарына өз урматтоосун билдире алышат. Адаттагыдай эле, 2013-жылдын 25-апрелинде “Улуу Жеңиш!” аттуу SMS-марафону старт алган. 1945 кыска номуруна жөнөкөй SMS жөнөтүү менен уюлдук оператордун миңден ашуун абоненттери согуштун катышуучуларын колдоого өз салымдарын кошушту.

Топтолгон каражаттар КРдин Коргоо Министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгынын тизмесине ылайык ардагерлерге таратылат. Акциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы