Перейти на новый сайт
MegaCom байланышы кулачын жаюуда

MegaCom байланышы кулачын жаюуда

MegaCom компаниясы, базалык станциялардын саны боюнча Кыргызстандын уюлдук байланыш операторлорунун көч башында келе жаткандыгы талашсыз. Компания каптоо аймагын кеңейтүү менен кызматтардын сапатын жакшыртып келет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, март айында орнотулган 17 базалык станцияны мисал келтире кетсек болот. Жаңы базалык станциялар Бишкек ш., Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында орнотулду.

Эми, төмөнкү калктуу конуштардын тургундары байланыш кызматтарынан пайдалана алышат:

  • Ош облусунун Ак-Жай, Кайнама, Кара-Суу, Кичи-Каракол, Октябрь айылдары;
  • Баткен облусунун Ак-Турпак, Газ, Жаңы-Жер, Согмент, Чоң-Гара, Кароол, Кереге-Таш, Майдан, Өрүкзар айылдары;
  • Чүй облусунун Кожомкул айылы;

Жаңы базалык станцияларды орнотуудан тышкары, техникалык департаменттин адистери MegaCom байланышы болгон аймактардагы байланыш сапатын жакшыртууга белсене киришип, бул иш-аракеттердин натыйжасында Ош облусунун Гүлүстөн, Меркит, Ничке-Сай, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Жылгын айылдарынын жана Кара-Көл шаарынын жашоочулары бул өзгөрүүнү сезе алышты. Республикабыздын бир катар айылдарын жана Бишкек шаарынын бир катар чөлкөмдөрүн сапаттуу байланыш менен камсыздоо боюнча иш-аракеттер улантылууда. Бул жолу «Красный строитель», Bishkek Park соода көңүл ачуу борбору, «Табылга» соода борбору жана Чүй облусунун Арал айылы бул тизмени толуктады.

“Мобилдик интернетти колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө. Ошол себептен, абоненттерге тоскоолдуксуз баарлашууга жана дүйнөлүк тармактын чексиз мүмкүнчүлүктөрү менен пайдаланууга шарт түзүү максатында, биз тармакты модернизациялоо жана анын сыйымдуулугун кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатабыз”, - деп түшүндүрдү компаниянын Радио пландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.

Байланыш сапатын мыктылоого MegaCom компаниясы өзгөчө маани берет. Компаниянын техникалык адистери каптоо аймагын жана тармактын сыйымдуулугун арттырууга багытталган жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү жумуштарына басым жасап келүүдө.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы