Перейти на новый сайт
Бишкекте Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Бишкекте Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүп жатат

15- ноябрда, Бишкекте Улуу Кыргыз Каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган: «Кыргыз каганаты түрк цивилизациясынын контекстинде: Кыргызтаануунун көйгөйлөрү» ачык эл аралык илимий-практикалык конференциясы ачылды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий мурастары институту, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу «Мурас»коомдук фонду жана «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган бул эки күндүк иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин эгидасы менен MegaCom компаниясынын колдоосунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөрүлүүдө.

«Бул конференция билим жана тажрыйба алмашуунун өбөлгөсү. Кыргыз калкынын маданий жана тарыхый мурастарын тереңирээк изилдөө максатында уюштурулган бул иш-чаранын баалуулугу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн чыгаан окумуштууларынын катышуусу менен өтүп жаткандыгында. MegaCom компаниясы бул демилгени колдоо менен аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн баса көрсөттү”, - деп MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов белгиледи.

Конференциянын иши пленардык отурумдун докладдары жана секциядагы катышуучулардын баяндамалары менен коштолот. Конференциянын жыйынтыгы боюнча анда чагылдырылган негизги темалар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый этабы, улутубуздун маданий жана этногенези боюнча жыйнак чыгарылат. Мындан тышкары, конференциянын катышуучулары “Манас” эпосун Борбор Азия элдеринин каада-салттарынын негизи катары карашмакчы.
 

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon