Перейти на новый сайт

Алга, олимпиада чокусуна MegaCom менен!

Алга, олимпиада чокусуна MegaCom менен!

27- июлдан 12- августка чейин, XXX жайкы Олимпиада оюндары өткөрүлө турган, Лондон шаары дүйнө элинин көңүл борборунда болоору шексиз. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн 14 спортчу Кыргызстандын намысын коргоонун алдында турат. Кыргызстандыктар грек-рим жана эркин күрөш боюнча чеберлер Арсен Эралиев, Данияр Көбөнөв, Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбековага зор ишеним артышууда.

          

« MegaCom тарабынан көрсөтүлгөн колдоо, Кыргыз Республикасынын байрагын сыймык менен желбиреткен спортчуларыбызга, Олимпиада Оюндарында жана эл аралык чемпионаттарда жеңишке жетишип бийиктиктерди багынтууда зарыл болгон биримдик, мекенчилдик сезимдерибизди курчутту. Сиздердин спорт тармагына болгон астейдил мамилеңиздер, Кыргызстандагы спорттун негизги түрлөрүнөн болгон күрөштүн өнүгүп-өсүшүнө кошкон зор салымыңыздар», -деп белгилейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктуруучусу, Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов.

Спортту өнүктүрүү, таланттуу жаш спортчуларды колдоо жана сергек жашоону жайылтуу менен MegaCom уюлдук оператору Лондондо өтүүчү олимпиада оюндарына катышуу үчүн спортчуларыбызды белгилүү фирма менен менен бирдикте спортчуларга мелдеш үчүн атайын кийимдерин тигип берүү жана аларга зарыл болгон дары-дармектер (медициналык препараттар жана витаминдер) менен камсыздоо үчүн 15 000 доллар бөлүп берди. Спортчуларыбыз толук комплект менен камсыз болушкан: параддык жана машыктыруучу костюмдар, күрөш үчүн бут кийим жана ринг үчүн кыска шымдар, сланцылар, кепкалар, бутсылар.

          

«Биз спорт жаатында Кыргызстандын намысын коргогон улан-кыздарыбызга урмат-сый менен мамиле кылабыз. Өз чеберчилигин өстүрүү үчүн спортчуларыбыз дайыма мелдештерге катышып туруусу керек. Эл аралык класстагы спорт чеберлери болгон республиканын улуттук олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүн колдоого умтулабыз. MegaCom компаниясынын жалпы жамаатынын атынан спортчуларыбызга 2012-жылы Олимпиадалык оюндарда ийгиликке жетүү үчүн кажыбас кайратты, болоттой эркти каалагым келет», - деп баса белгиледи өз сөзүндө башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

     

Компания корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, мекенибиздин спортчуларынын көптөгөн чемпионаттарга, лицензиялык оюндарга катышуусуна демөөрчүлүк көмөгүн көрсөтүү менен спорттун жана дене тарбиянын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бөлүп келет. Маселен, MegaComдун колдоосу менен Кыргыз республикасынын грек – рим күрөшү боюнча Федерациянын өкүлдөрү Гуанчжоу шаарында (КЭР) өткөрүлгөн Азия оюндарына, Стамбул шаарында өткөрүлгөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына, Варшава шаарында өткөн Эл аралык турнирге; КРдин эркин күрөш Федерациясынын мүчөлөрү Бухарест шаарында (Румыния) өткөн кенже жаштагылар арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатына катышкан.2011-жылдын июнунда, алдыңкы уюлдук оператордун каржылоосу менен, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт Сарайында Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган эркин күрөш боюнча Эл аралык турнир өткөрүлгөн.

MegaCom улуттук уюлдук оператору Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын колдойт!

Сунушталган кызматтар

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • Астрология

    кызматы