Перейти на новый сайт

MegaCom Samsung Galaxy S III телефонунун расмий бет ачар аземине баардыгын чакырат

MegaCom Samsung Galaxy S III телефонунун расмий бет ачар аземине баардыгын чакырат

Бүгүн, 21-июнда саат 17:00дө MegaCom компаниясы баардык бишкектиктерди жана борбор калаанын меймандарын, борбордук Башкыпочтампттын жанында жайгашкан мунарча сааттын алдында өтө турган, Samsung Galaxy S III телефонунун Кыргызстандагы биринчи расмий бет ачар аземине чакырат.

Бет ачарда ар бир катышуучу жаңы муундун смартфону менен жеке таанышуу, аппараттын баардык функцияларын көрүү жана сынактан өткөрүү менен бирге албетте аны сатып алып, алгачкылардан болуп телефонго ээ болууга чакырат.

Меймандарды ажайып шоу-программа жана өзгөчө белектер, тактап айтканда твиттердеги он-лайн викторинасы аркылуу Samsung GT-P6200 Galaxy Tab 7.0 Plus планшети жана Samsung GT-N7000 Galaxy Note ойнотулушу күтүлөт. Кантип оюнга катышуучу болуу керектигин, MegaCom компаниясынын фесбуктагы www.facebook.com. тобунун катышуучусу болуп туруп гана билүүгө болот. Мындан тышкары ар бир катышуучу MegaComдон, Samsungдан эң кызыктуу белектерди алып жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң майрамдын күбөсү боло алышат.

Бишкекте өтүүчү бет ачаарга катарлаш эле Samsung Galaxy S III телефон аппаратынын бет ачар аземи Ош шаарында Алымбек Датка (Араванская) паркында фонтандын алдында да өтөт. Түштүк калаабызда болуучу иш- чаранын меймандары дагы компания тарабынан тартуулануучу жагымдуу белектер жана бонустар күтөт.

Жакында, MegaComдун абоненттерди тейлөө жана сатуу Борборлорунун баардыгына, 2012-жылдагы мобилдик аппараттардын арасындагы көптөн күткөн Galaxy S түркүмүндөгү жаңы модель — Samsung Galaxy S III келип түштү. Компаниянын тейлөө жана сатуу Борборлорунан Samsung телефондорун сатып алуу менен Сиз бир жыл бою Samsung расмий сервис-борборлору тарабынан сунушталган кепилдик тейлөөнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. MegaCom компаниясы менен сатууга чыгарылган телефондор КРде пайдалануу үчүн расмий жана тастыкталган товар болуп эсептелет.

Атайын MegaCom абоненттери үчүн компаниядан эксклюзивдүү сунуш: Samsung Galaxy S III телефонун ыңгайлуу баада сатып алуу менен белекке 3000 Мб акысыз интернет-траффикти жана дагы жагымдуу “күмүш” номерди белекке алууга болот.

MegaCom менен жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүн ачып, дайыма байланышта бол!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы