Перейти на новый сайт

MegaCom роуминги эми Португалияда

MegaCom роуминги эми Португалияда

MegaCom компаниясы, өз абоненттерине, «Роуминг» кызматы жеткиликтүү болгон Европа өлкөлөрүнүн саны күндөн-күнгө өсүп жатканын кубануу менен маалымдайт. Бүгүнкү күндөн тарта MegaCom абоненттери Португалияда Vodafone операторунун тармагында «Роуминг» кызматынан пайдалана алышат.

Чет өлкөдөгү ыңгайлуу уюлдук байланыш-ар бир сапардын эң маанилүү бөлүгү. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы көп сандаган өнөктөштөрүнүн жардамы менен , MegaCom өз абоненттерине ыңгайлуу тарифтери менен роумингди сунуштай алат. Учурда, абоненттерин роуминг кызматы менен камсыз кылуу максатында, уюлдук оператор, дүйнөнүн ондогон мамлекеттери менен кызматташууда. Кызматты кошуу менен, Сиз дүйнөнүн алыскы өлкөлөрүндө болуп туруп дагы, өзүңүздүн ишкер өнөктөштөрүңүз жана жакындарыңыз менен бирдиктүү номер аркылуу байланыша аласыз. Белгилей кетүүчү жагдай, MegaCom роумингиндеги чалуулардын наркы башка уюлдук операторлорго салыштырмалуу бир кыйла арзан экендиги.

MegaCom операторунун роуминг боюнча өнөктөштөрүнүн катарын дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттер жана дагы Европа өлкөлөрү толуктоодо. Сиз кайсы гана жерде болбоңуз: эс алуудабы же иш сапарындабы, MegaCom «Роуминги» ар дайым сиздин кызматыңызда! Ал эми ыңгайлуу жана пайдалуу тарифтер баарлашууңузду чектөөгө жол бербейт!

Компаниянын абоненттери роуминг менен «MegaCom» үй жазылуусу аркылуу колдоно алышат. Өлкөлөрдүн тизмеси жана роуминг тарифтери компаниянын www.megacom.kg. сайтында. Кызматтар тууралуу толугураак маалымат «Роуминг» бөлүмүндө камтылган.
 

Сунушталган кызматтар

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы