Перейти на новый сайт
MegaCom БУУнун Эл аралык электрбайланыш союзуна мүчө болуп кирди

MegaCom БУУнун Эл аралык электрбайланыш союзуна мүчө болуп кирди

ЭЭБСнун куттуктоо катында мындай деп айтылат: «Эл аралык электр байланыш союзуна кош келиңиздер! КРдин транспорт жана коммуникация Министрлиги «Альфа Телеком» ЖАКтын ЭЭБСнун телекоммуникация тармагындагы ишмердүүлүгүнө катышуу боюнча сурамын тастыктады”.

ЭБС менен түздөн-түз иш алып баруу - бул уюмдун баардык мүчөлөрүнө тажрыйба топтоо, бул тармак боюнча билимин өркүндөтүү, процесске түздөн-түз катышуу жана мезгил менен шайкеш келечекке кадам шилтөө мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Электр тармагы боюнча бараандуу орду бар Эл аралык уюмга мүчө болуу менен, MegaCom өз миссиясынан кайтпай, байланыш кызматтарын көрсөтүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонуу менен өз абоненттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүнү улантууда.

Маалымдама:
ЭЭБС Бириккен Улуттар Уюмунун маалымат-байланыш технологиялары чөйрөсү боюнча адистешкен мекеме болуп саналат. Бул уюмдун дүйнөлүк байланыш тармактарын түзүү боюнча 140 жылдан ашуун тажрыйбасы бар www.itu.int/ru. Анын катарына 193 мүчө-өлкө жана ассоциациялар жана секторлор боюнча 719 мүчө кирет (илимий-өндүрүштүк ишканалар, мамлекеттик жана жеке байланыш операторлору , радио берүү компаниялары, аймактык жана эл аралык уюмдар ) ЭЭБУнун дүйнө жүзү боюнча 12 аймактык жана зоналык бөлүмдөрү бар. ЭЭБУнун штаб-квартирасы Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан.
 

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы