Перейти на новый сайт

“Mega Билим” жигердүү уланып жатат

“Mega Билим” жигердүү уланып жатат

2011-жылдын  күз айларынан баштап ишке кирген MegaCom компаниясынын билим берүү долбоору ийгиликтүү уланууда. Жаңы компьютердик класстар  Нарын областынын А.Жутакеев атындагы орто мектебинде, Ысык-Көл областынын Ак-Чий айылынын Ракымов атындагы орто мектебинде, Чүй областынын Дөң-Арык айылынын Калча атындагы орто мектебинде, Чүй областынын Гродзенск орто мектебинде ачылды. Уюлдук оператордун мектептерде заманбап компьютер класстарын ачуу демилгеси Кыргызстандын бардык аймактарында уланмакчы.

Долбоордун алкагында өлкөнүн 143 мектебине көмөк көрсөтүү пландалууда. Компьтерлерге муктаж болгон мектептер атайын комиссия аркылуу тандалат. Аталган долбоорго катышуунун жол-жобосу «Кутбилим» гезити жана MegaCom компаниясынын www.megacom.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабында программалык жабдуулары бар компьютердик класстарды орнотуу каралып, экинчи этапта «АлиппеTV» интерактивдүү билим долбооруна  туташуу пландалган. Мындан тышкары тандалган айыл мектептеринин информатика мугалимдеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу үчүн беш күндүк окутуу да өткөрүлмөкчү. Аталган долбоордун жардамы менен өлкөбүздүн миңден ашык окуучулары билим деңгээлин теория жактан гана эмес, жаңы техникалык жабдыкты колдонуп, практикалык жактан да толуктоо мүмкүнчүлүгүн алат.

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы