Перейти на новый сайт
«Mega Билим» билим берүү долбоору уланууда

«Mega Билим» билим берүү долбоору уланууда

2011-жылдын 9-декабрында, MegaCom компаниясы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун  Ак–чий айылындагы  А. Ракымов атындагы мектебинде компьютердик класс ачты. Компьютердик класстын салтанаттуу ачылышы MegaCom компаниясынын Ысык-Көл аймактык бөлүмү жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн, А. Ракымов  атындагы орто мектебинин  директорунун, мугалимдеринин, окуучуларынын катышуусу менен өттү.

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык – маданий маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Г.Суранчиева айым MegaCom компаниясына өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна, өлкөнүн келечегине  кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. «MegaCom компаниясынын республикабыздын алыскы райондорундагы окуучуларына  камкордук көрүп жаткандыгы жагымдуу жагдай. Мектептин окуучулары бүгүнкү  күндө эң маанилүү болгон компьютерди үйрөнүүнүн теориясынан практикасына өтүү  мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту”,- деди Г.Суранчиева.

MegaComдун билим берүү долбоорунун алкагында республиканын 140тан ашуун мектебин компьютердик класстар менен жабдуу каралууда. Долбоорго катышууга  талапкер мектептер үчүн атайын анкета иштелип чыккан. Билдирменин үлгүсү ар жума сайын «Кут Билим» гезитинде жана  компаниянын www.megacom.kg расмий сайтында жарыяланып турат.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы