Перейти на новый сайт
MegaCom көз боемочулук менен күрөшүүдө

MegaCom көз боемочулук менен күрөшүүдө

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык көз боемочулар тарабынан трафикти мыйзамсыз иайдалануунун негизинде 22-23 миллион сомго чыгым алып келген.

MegaCom уюлдук оператору тарабынан Кыргызстандын ИИМне GSM-шлюздар аркылуу эл аралык трафиктин агылып чыгуу фактысы тууралуу арыз түшкөн.

Милиция кызматкерлери компаниянын коопсуздук кызматы менен бирдикте кичи АТСтер аркылуу GSM-шлюздарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча беш окуяны аныктап чыгышты. Анын ичинде 12-кичи районун батирлеринин биринде жана Жибек-Жолу көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилишиндеги кеңседе. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголгон жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ыкчам иш алып баруунун жүрүшүндө аталган ишке MegaCom компаниясынын эки кызматкеринин катыштыгы бар экендиги аныкталган. Экөө тең кылмыш ишинин негизинде жана ички териштирүүнүн жүрүүсүнө байланыштуу кызматтарынан четтетилген. Учурда көз боемочулуктун айынан келтирилген материалдык чыгым такталууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча ал 22-23 миллион сомду түзөт.

Болуп өткөн окуядан улам MegaCom компаниясы трафиктин, анын ичинде GSM-шлюздар аркылуу “агылып” чыгуусунун алдын алуу үчүн атайы жабдууну сатып алууну пландаштырууда.

Сунушталган кызматтар

  • MegaKassa

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы