Перейти на новый сайт
MegaCom күлкү тартуулайт


MegaCom күлкү тартуулайт

MegaCom  Кыргызстан КВН лигасынын өзгөрүлгүс демөөрчүсү болуп саналат. Компания элге жакшы маанай тартуулаган командаларга кубануу менен көмөк көрсөтүп келет.
 
MegaCom компаниясынын колдоосу менен Кыргызстан КВНинин курама командалары бир нече жолу оюндун бийиктиктерине жетишишкен. Мунун акыркы мисалы  болуп, кыргызстандык оюнчулардын Москва жана Подмосковьенын Ачык Лигасынын жарым финалында экинчи орунду жеңип алганы мисал боло алат.

Келерки жылы Кыргызстан КВН лигасы 15 жашка толот. Бул сезон өзгөчө сюрприздерге бай болоору күтүлөт. Мисалы жаңылыктардын бири - сүйүктүү команда үчүн  SMS-билдирүү аркылуу добуш берүүгө мүмкүн болот.

Сезон «15 жыл тамаша менен” деген ураандын алдында өтмөкчү.  Ага баш-аягы 30 дан ашуун  жаш команда, ошондой эле белгилүү «Не дай Бох!», «Фанаты Тарантино», «Волшебник Гудвин» командалары катышмакчы.

MegaCom компаниясы ар дайым келечекке көңүл бурат. КВН оюндарынын башкы демөөрчүсү болуу менен компания өлкөнүн жаштарынын өнүгүүсүнө үзгүлтүксүз салым кошуп келет.


Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы