Перейти на новый сайт

Ыңгайлуу жана жөнөкөй! Унаа токтотуучу жайды колдонуу акысын MegaPay аркылуу төлөңүз

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору автоунаа ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн MegaPay мобилдик тиркемесиндеги сервистердин тизмесин кеңейтүүнү улантууда.

Жакында эле Бишкекте акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайдын электрондук системасы пилоттук режимде ишке кирди. Жаңычыл долбоордун төлөм оператору ─ MegaPay.

Унаа токтотуучу жайга киргенде камера унаанын мам. номерин  автоматтык түрдө каттап, парковканын сессиясын ачат жана чыгып кеткенде сессия аяктайт.

Биринчи электрондук унаа токтотуучу жай мэриянын жанында жайгашкан. Муниципалитет өзгөрүүлөрдү өзүнөн баштоону чечти, ошону менен шаардыктарга оң үлгү көрсөттү. Жакында Киев Тыныстанов ─ Михаил Фрунзе ─ Турусбеков көчөлөрүнүн аянты ушундай заманбап унаа токтотуучу жайлар менен жабдылат.

Төлөм жүргүзүү үчүн, төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу керек: 

  • MegaPay колдонмону жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;  
  • "Кызматтар" бөлүмүн ачып, андан кийин "Бишкек муниципалдык унаа токтотуучу жайларын" тандаңыз же маалымат тактасындагы QR-кодду сканерлеңиз; 
  • унаанын мамлекеттик номерин киргизүү;
  • төлөө үчүн паркинг сессиясын тандаңыз; 
  • төлөмдү ырастоо.  

Бүттү!

Экинчи ыкма:  

  • веб-сайтка кирүү: www.parking.kg;  
  • биринчи киргенде катталыңыз;
  • мамлекеттик номерди көрсөтүңүз  жана MegaPay аркылуу төлөңүз.  

Сессиясы аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде төлөй аласыз. Кечиктирилген учурда административдик айып салынат.  

MegaPay —  жашооңуздагы алмаштырылгыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы