Перейти на новый сайт

Жер ресурстары кызматынын кыймылсыз мүлк тууралуу бир катар маалымкаттары MegaPay′де жеткиликтүү болуп калды

MEGA MegaPay мобилдик тиркемесинин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн динамикалык түрдө кеңейтүүнү улантууда.

Эми MegaPay колдонуучулары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен иштелип чыккан “Жер ресурстары кызматынан кыймылсыз мүлк боюнча маалымкаттар” сервисинин жардамы менен, кыймылсыз мүлккө байланыштуу маалымкаттын төрт түрүн тариздеп, акысын төлөй алат.

MegaPay′де кыймылсыз мүлк тууралуу төмөнкүдөй маалымкаттарды алууга болот:

  • кыймылсыз мүлккө карата укуктардын тарыхы;
  • кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө;
  • кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалымат;
  • кыймылсыз мүлктүн бар/жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Маалымкатты смартфон аркылуу кантип тариздөөгө жана алууга болот? Анда эмесе, төмөнкү иш-аракеттерди аткарыңыз:

  • MegaPay тиркемесин жаңылаңыз (App Store′дон жана Google Play'ден жүктөп алуу жеткиликтүү);     
  • «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, «Жер ресурстары кызматынан кыймылсыз мүлк боюнча маалымкаттар» кызматын тандаңыз;
  • андан кийин маалымкатты алуу үчүн талап кылынган документти көрсөтүңүз жана кыймылсыз мүлк бирдигинин кодун (КМБ) киргизиңиз;
  • транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр!

Документтерди алууда, көрсөтүлгөн кызмат үчүн алынуучу комиссиянын өлчөмү 8 сомду түзөт.

Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн, алынган бардык маалымкаттар  «Менин маалымкаттарым» бөлүмүндө сакталат.

MegaPay –  жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы