Перейти на новый сайт
MEGA түйүнүн масштабдуу өнүктүрүүнү улантып келет

Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу байланыш менен камсыз кылган MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндү жигердүү өнүктүрүү, камтуу аймагын кеңейтүү жана жабдууларды модернизациялоо боюнча масштабдуу иштерди улантып келүүдө.

2023-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн техникалык жумуштар өлкөнүн бир катар шаарларында жана калктуу конуштарында  сигналдын сапатын жакшыртууга жана 3G/4G түйүндөрүнүн кубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.

Бишкек, Ош, Каракол, Майлуу-Суу жана Кара-Балта шаарларындагы MEGA  базалык станцияларын модернизациялоо 4G түйүнүнүн кубаттуулугун бир кыйла жогорулатты. Төмөнкү айылдарда байланыштын жана төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин сапаты да жакшырды:

  • Чүй облусунун Камышановка, Новопокровка (Новопокровка айыл аймагы), Военно-Антоновка, Лебединовка, Лубяное, Верхневосточное, Нижневосточное, Талтак, Нижнечуйское, Степное, Жаңы-Жер, Константиновка, Васильевка айылдары;
  • Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылы;
  • Жалал-Абад облусунун Таш-Булак (Таш-Булак айылы/району).

Базалык станцияларды жакшыртуунун  эсебинен  Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле  Чүй облусунун айрым айылдарында 3G түйүнүнүн сигналы жакшыртылды:

  • Лебединовка, Новопокровка (Новопокровка айылы/району), Лубяное, Верхневосточное, Нижневосточное, Талтак, Новопокровка (Логвиненко айыл аймагы).

Эскерте кетсек, түйүндүн  камтуу аймагы тууралуу маалыматты MEGA расмий веб-сайтындагы Интерактивдүү камтуу картасы камтуу картасынын жардамы менен онлайн-шарттамда алууга болот. Анын жардамы менен жакын жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлин, ошондой эле Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G камтуусу жөнүндө билүү оңой.

Мындан тышкары, MEGA абоненттери түйүндүн  камтуусу талап кылынган калктуу конуштар боюнча суроо-талаптарын компаниянын Байланыш борборунун *500 номери, +996 999 500 000 (WhatsApp) же Telegram аркылуу жөнөтө алышат.

MEGA Кыргызстандын калкынын 99 пайыздан ашыгын 4G/3G/2G түйүнү менен  камтуу менен, алдыңкы сапта келет

 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы