Перейти на новый сайт

Mega маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MEGA) «Суперыңгайлуу», «Интернет», «Чалуулар», «Стандарт», «Старт» жана «Элдики + MegaTV» тарифтик пландар түркүмүнө өзгөртүүлөр киргизиле  тургандыгын маалымдайт. 2023-жылдын 22-сентябрынан тарта   SIM-картаны активдештирүүдө, жана да тарифтердин алкагында тарифтик пландарды жана топтомдорду алмаштырууда «Ассистент» кызматын 14 күнгө абоненттик төлөмсүз (акысыз) автоматтык түрдө кошуу токтотулат.  

Аталган тарифтик пландарда  кызматты USSD-буйруусун өз алдынча терүү аркылуу  кошууга болот. «Ассистент» кызматын 2023-жылдын 22-сентябрына чейин кошкон абоненттерге аталган кызматты көрсөтүү стандарттык шарттарда, аны өзү өчүргөнгө чейин же кызмат жоюлганга чейин улантылат.

2023-жылдын 22-сентябрынан тарта SIM-карталарды активдештирүүдө, тарифтик планды алмаштырууда, жана да  «Суперыңгайлуу», «Интернет», «Чалуулар»», «Стандарт», «Старт» жана «Элдики +MegaTV» тарифтик пландар түркүмдөрүндө «Ассистент» кызматы кошулган абоненттерге  «Ким чалды» кызматы абоненттик төлөмсүз – акысыз кошулат, «Ассистент» кызматы (эгерде кошулган болсо)  өчүрүлөт.

 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы