Перейти на новый сайт
MegaCom россиялык өнөктөштөрү менен биргеликте маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүүгө катышат

MegaCom россиялык өнөктөштөрү менен биргеликте маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүүгө катышат

2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министри М.С.Орешкин, КРдин экономика министри О.М.Панкратов, аймактардын башчылары жана компаниялардын жетекчилери катышкан Россия-Кыргызстан Аймактар аралык конференциясы болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов, жогорку технологиялар чөйрөсүндө аттын кашкасындай таанымал «СИТРОНИКС» россиялык концернинин президенти Алексей Марухин жана «Кыргызтелеком» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Атай Асылбеков тарабынан Кыргыз Республикасында маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун инфраструктурасын түзүү боюнча стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Аталган макулдашуу маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү, аны ишке киргизүү жана техникалык камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу максатын көздөйт. Компаниялар Кыргызстандагы маалымат-телекоммуникация чөйрөсүнүн учурдагы абалына сереп салып, биргеликте аудит өткөрүшмөкчү. Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун инфраструктурасын жайылтуу, мамлекеттик органдар маалымат системаларын жана сервистерди түзүүнүн жол картасын түзүү, жана да долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылоонун жана кооперациялоонун варианттарын сунуштоо − көңүл борборундагы маселелер.

MegaCom жана «Кыргызтелеком» компанияларынын «СИТРОНИКС» жогорку технологиялуу ири компаниясы менен өнөктөштүгү — Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Бишкек шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген 30 макулдашуунун бири.

« Мамлекеттик компания болуп саналган MegaCom жалпы Кыргызстан аймагын камтыган ири санариптик долбоорлорду иш жүзүнө ашырууну көз жаздымда калтырбай келет. Биз өнөктөштөрүбүздүн ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүүгө даярбыз», − деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

«СИТРОНИКС» АКтын президенти Алексей Марухин, өз кезегинде,  санариптештирүү маселелери боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. «Кыргыз Республикасында маалыматтарды иштеп чыгуу системасын жана санариптик тармакты өнүктүрүүнү жакшыртуу боюнча бирдиктүү иш алып барууну мерчемдеп жатабыз», −  деп кошумчалай кетти.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен Россия Федерациясынын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын жүрүшүндө «Санариптик экономика» жана «Санариптик Кыргызстан» программаларынын маанилүү иш-чараларында чагылдырылган ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккандыгын белгилей кетүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы