Перейти на новый сайт
MegaCom терминалдарында 300 дөн ашуун кызматтар үчүн төлөм жүргүз

MegaCom терминалдарында 300 дөн ашуун кызматтар үчүн төлөм жүргүз   

          

MegaCom компаниясынын фирмалык теминалдары − кызматтар үчүн акы төлөөнүн ылдам, оңой жана ыңгайлуу жолу!

Кайсы кызматтар үчүн акы төлөөгө болотMegaCom терминалдары 300дөн ашуун кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алат, анын ичинде:

- 20дан ашык коммуналдык кызматтар;

- 30дан ашык такси кызматы;

- домофондорду тейлөөчү бир нече борбор;

- бала бакчалар;

- соттолбогондук тууралуу маалымкат, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдар, соц.фондго камсыздандыруу төгүмдөрү, мүлк салыктары;

- 80ден ашык онлайн-оюндар;

- социалдык тармактардагы жарнамалар жана башкалар.

Комиссиясыз төлөм жүргүзүү. MegaCom абоненттери мобилдик телефонунун жана MegaPay капчыгынын балансын комиссиясыз толуктай алышат.

Төлөм терминалдарын кайдан табууга болот? Компаниянын фирмалык түстөрүнө боелгон MegaCom төлөм терминалдары жана Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун эл көп чогулган жайларында, тактап айтканда:Бишкек ш. борбордук көчөлөрүндө, аялдамаларында жана ири соода борборлорунда, дүкөндөрүндө жана дарыканаларында жана башка жайларында орнотулган.

Кантип төлөө керек? Маалымдаректи туура терип, тиешелүү сумманы киргизип жана чыптаны алуу жетиштүү. Төлөм ошол замат алуучуга жеткирилет.

Балансты акысыз толуктоого мүмкүн болгон түйүндөрдүн даректери MegaCom расмий сайтында жайгаштырылган.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы