Перейти на новый сайт

MegaCom: «Балдар кайда?» кызматы балдарыңызды көзөмөлдөөнүн заманбап жолу

MegaCom: «Балдар кайда?» кызматы балдарыңызды көзөмөлдөөнүн заманбап жолу 

Жаңы байланыш технологияларынын, заманбап смартфондордун жардамы менен балдарыңызды көзөмөлдөө оңой. Ата-энелер балдарынын кайсы жерде жүргөнүн аралыктан көз карандысыз биле алышат.

MegaCom ата-энелерге бул ыңгайлуу кызматтан колдонууну сунуштайт. Баланын телефон номурун көрсөтүү менен *089*055Ахххххх# же *089*0755хххххх# кошуу буйрууларын териңиз. Бала номуруна келген сурамга жооп катары  «1» тексти менен SMS жөнөтүүсү зарыл. Андан кийин 089*055Ахххххх# же *089*0755хххххх# буйрууларын терүү менен, каалаган учурда балаңыздын жүргөн жеринен кабар алып турасыз. Балаңыздын жүргөн жери тууралуу маалыматты жана интернет-картанын шилтемесин камтыган SMS-билдирүү келет. Интернет-картаны ачууда интернет-трафик акысыз. Мындай маалымат жашыруун жана баланын ата-энесине гана жеткиликтүү.

«Балдар кайда?» кызматынын негизги артыкчылыгы − бул SOS баскычы. Билдирүүнү шашылыш жөнөтүү үчүн *91# буйруусун ыкчам терүү үчүн жазып коюуга болот. Бул учурда баланын жүргөн жери тууралуу маалыматты камтыган SMS бардык кошулган ата-энелерге келет. Айына эки шашылыш билдирүүнү акысыз жөнөтүүгө болот.

Кызмат ай сайын алынуучу төлөмдөрдү талап кылбагандыктан, кызматтан өзүңүз каалаган учурда колдоно аласыз.

Кошумча маалымат компаниянын сайты жана *89 чалуу буйруусу аркылуу жеткиликтүү, MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы