MegaCom тарифтик кызматтарга жана опцияларга кошулууну токтотуу тууралуу маалымдайт
Урматтуу абоненттер!
«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) 28.04.2018-ж. тарта төмөндөгү тарифтик кызматтарга жана опцияларга кошулууну токтотуу тууралуу маалымдайт:
- кызматтар – "Корпоратив 24", "Чоң ага", Web2MMS, "Балдар интернети", ICQ 2 SMS жана SMS 2 ICQ, SMS2E-MAIL жана E-MAIL2SMS;
- топтомдор – «SMS 25топтому", Inside MMS түркүмү, Inside SMS түркүмү;
- тарифтик опциялар – «Opera Mini менен Чексиз Интернет», «5ти карма!».
Абоненттерде кошулган бул кызматтарды көрсөтүү, аталган кызматтардын жоюлгандыгына байланыштуу, 01.05.18-ж. токтотула тургандыгын эскерте кетмекчибиз.