Перейти на новый сайт

MegaCom кыргызстандыктарды Эне тил күнү менен куттуктайт.

MegaCom кыргызстандыктарды Эне тил күнү менен куттуктайт.

 

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Эл аралык эне тил күнү менен куттуктайт. Бул майрам жыл сайын,  21-февралда, майрамдалып келет.

Алдыңкы уюлдук оператор улуттук баалуулуктарыбызды көз жаздымда калтырбастан, айрыкча эне тилибизди жана маданиятты өнүктүрүүгө туруктуу негизде колдоо көрсөтүп келет. MegaCom тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылган долбоорлор:

  •  «Информатика жана маалыматтык-коммуникациялык  технологиялары» усулдук колдонмосу (7-9 класстар үчүн ) толугу менен кыргыз тилине которулуп, мектептерге таратылган.
  • 2015-жылы филология илимдеринин доктору, дасыккан түрколог-лексикограф, профессор Константин  Юдахиндин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата, улуу тилчинин баалуу табериги болгон “Кыргызча-орусча”, ”Орусча-кыргызча” сөздүктөрү кайрадан басылып чыгарылган.
  •  «Кыргыздын элдик ырлары»  элдик ырлар жыйнагы жарык көргөн.
  • КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте кыргыз тилин окутуунун мыкты иштелмеси үчүн мектеп мугалимдеринин ортосунда өткөрүлгөн конкурска колдоо көрсөтүлгөн.
  • Компаниянын атайын тапшырыгы менен «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» алгачкы  мультсериалы тартылган.  3D графикасынын элементтери сакталган кыргыз жана орус тилиндеги 11 сериялуу мультфильм  телекоммуникациялар, жаңы технологиялар, интернет жана мобилдик байланыш менен кеңири тааныштырат.

Компанияда мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бөлүнөт. Уюлдук оператордун megacom.kg сайты кыргыз тилинде ачылат. Компания кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталган  сабактарды өтүп туруу колго алынган. “Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм”- деп улуу акыныбыз А.Осмоновдун ыр саптарында айтылгандай, эне тилибизди аздектеп, бабалардан калган көрөңгөлүү тилибизди келечек муунга татыктуу өткөрүп берели.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы