Перейти на новый сайт
MegaCom байланыш сапатын жакшыртууга өзгөчө басым жасап келет

MegaCom байланыш сапатын жакшыртууга өзгөчө басым жасап келет

 

Алдыңкы мобилдик оператор мекенибиздин аймагынын басымдуу бөлүгүн  байланыш менен камсыздап келет. Түйүндү өнүктүрүү планына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январында,  компаниянын техникалык адистери байланыш тармагын кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу боюнча масштабдуу иш-аракеттерди аткарышты.

Жаңы базалык станциялардын курулушунун натыйжасында  байланыш менен камтуу аймагы кеңейип, байланыштын сапаты жакшырууда. Маселен,  3G түйүнү төмөндөгү айылдарда жеткиликтүү болуп калды: Түйтө, Ынтымак (Талас обл.), Ак-Жар, Большевик, Семиз-Бел, Шамшы, Арсы, Бугучу, Көк-Жар, Кум-Дөбө, Чекилдек, Терек-Суу, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Терек-Суу, Орток (Нарын обл.).

Жаңы базалык станцияларды куруу менен эле чектелбестен, аракеттеги станциялардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында да бир катар техникалык жумуштар жүргүзүлдү. Нарын шаарында жана төмөндө  аты аталган  45 калктуу конушта 3G стандартындагы байланыштын сапаты жакшыртылды:

Нарын  облусунун Ат-Башы, Кара-Суу, Теңдик, Төлөк, Казыбек, Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Жаңы-Жол, Кара-Тоо, Кочкор, Ак-Жар, Ак-Талаа (Калинин ат.), Жаңы-Күч, Кара-Суу, Учкун, Ара-Көл, Чолпон, Эпкин, Жалгыз-Терек, Жан-Булак, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, Ак-Кыя, Орто-Саз, Өзгөрүш, Ак-Моюн, Ак-Муз, Дыйкан, Талды-Суу, Куланак, Туз, Ак-Моюн, Бирдик, Большевик, Первомайское, Кара-Күңгөй, Кадыралы (Тилектеш),  Куйбышев атындагы, Миң-Булак айылдары жана Достук шаарчасы;

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жылдыз, Казарман, Чет-Булак айылдары.

Бүгүнкү күндө MegaCom  түйүнүн ишенимдүү кабыл алган  аймакта жашаган калкыбыздын саны  99% дан ашты. Түйүндүн каптоо аймагын тууралуу маалыматты Каптоо аймагынын интерактивдүү картасынын  жардамы менен онлайн - режимде көрүүгө болот. Картада жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээли, 2G, 3G жана ыкчам 4G түйүнү тууралуу маалымат камтылган.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы