Перейти на новый сайт

MegaCom интернет-роуминги менен ар дайым байланышта бол

MegaCom интернет-роуминги менен ар дайым байланышта бол

 

MegaCom компаниясы интернет - роуминг жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн катарын толуктап келүүдө. Мындай аракеттер өз жемишин берип, роуминг төмөнкү чет өлкөлүк операторлордун түйүндөрүндө жеткиликтүү болуп калды:

  • VodaFon-Albania (Албания),
  • VodaFon Romania S.A. (Румыния),
  • Etisalat Misr (Египет),
  • Irancell Telecommunications Services Company (Иран),
  • Vodafone (Гана),
  • Zain SA (Сауд Арабиясы).

Мындан тышкары, MegaCom «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы менен Кытай өлкөсүнүн China Mobile операторунун түйүнүндө  да колдонууга болот.

Роуминг-өнөктөштөрдүн саны  арбыган сайын чет өлкөлөргө сапар тарткан абоненттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлө тургандыгы бышык. MegaCom  абоненттери эс алууда жүрсө да, ишкер сапарда жүрсө да интернет кызматтарынан кантип пайдаланам деп кам санабай деле коюшса болот. Алар өз номурун алмаштырбастан эле, жакындары менен баарлашып же электрондук почта аркылуу ишкер билдирүүлөр менен  алмашып, социалдык тармактарда таасирлери менен бөлүшүп, акыркы кабарлардын борборунда боло алышат. 

 «Калькулятор» ыңгайлуу кызматынын жардамы менен абоненттер жүргөн өлкөсүндө сунушталган түйүндүн шарттары менен таанышып, сүйлөшүүнүн бир мүнөтү жана SMS үчүн сарпталуучу болжолдуу сумманы эсептеп, жана да көңүлүнө төп келген  жергиликтүү оператордун түйүнүн тандай алышат.

Алыскы өлкөлөргө жөнөгөнү жатсаңыз, роуминг кызматын кошуп алууну эсиңизден чыгарбаңыз! Бул үчүн жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып, кызмат жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмеси менен таанышыңыз.

Тарифтер тууралуу толугураак маалымат компаниянын  сайтынын  «Роуминг» бөлүмүндө жайгаштырылган.

MegaCom — чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы