MegaCom: «Алтын» жана «Күмүш» номурлар 50% арзандатуу менен
Мобилдик оператор өз абоненттери үчүн кайрадан жагымдуу бонус тартууламакчы. Тактап айтканда, 4-5-август күндөрү «Бишкек Парк» соода - көңүл ачуу борборунда жайгашкан MegaCom Сатуу жана тейлөө борборунда саат 10:00 дөн 01:00гө чейин «Алтын» жана «Күмүш» категориясынын номурларына 50% арзандатуу аракетте болот. «Shopping Fest» акциясынын алкагында тартууланып жаткан мындай жагымдуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, уникалдуу номурдун ээси болуңуз!
Мындан тышкары, балансын 50 сомго же андан ашык суммага бир жолку толуктаган ар бир MegaCom абонентине бонус катары түйүн ичинде 30 мүнөткө чейинки баарлашуу жана 70 SMS берилет.
Алдыңкы мобилдик оператор ацияларды жана конкурстарды байма-бай өткөрүп келет. Компаниянын жаңылыктары, акциялары жана бонустары тууралуу кабардар болуп турууну кааласаңыз, компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Odnoklassniki социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларын жана megacom.kg расмий сайтын барактаңыз.
Мега-окуялардын борборунда болуңуз