Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы ири масштабдагы  веложүрүштү Ош шаарында өткөрдү

MegaCom компаниясы ири масштабдагы  веложүрүштү Ош шаарында өткөрдү

MegaCom компаниясы, 15-апрелде, Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен веложүрүш өткөрдү. Веложүрүшкө 1000ден ашуун велоспорттун сүйүүчүлөрү жана профессиналдары катыша алышты. Мобилдик оператордун колдоосунда өткөрүлгөн иш-чарага катышкандардын саны өткөн жылдан дагы көп болуп, иш-чара эң жакшы маанайда өттү.

Велоколоннанын башында болгон MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев түштүк калаанын Ленин жана Насирдин Исанов – борборудк көчөлөрү менен жүрүштү баштады. Жүрүштүн жалпы узундугу 7 километрди түздү. Катышуучуларга марада кызыктуу конкурстар жана MegaComдон фирмалык белектер тартууланды. Веложурүштүн эң улууларына жана эң кичүүлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, сувенирлер берилди. Ошондой эле көрүүчүлөргө спорттук велосипедчен балдардын экстремалдык номурлары көрсөтүлүп, Diamond брейк-тобунун кызыктуу бийи тартууланып, жергиликтүү эстрада жылдыздары жана КВН «Ош-НК» тобунун катышуучуларынын мыкты тамашалары көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрө алды.

Ош шаарынын тургундары үчүн велосезондун ачылышы салтка айлангандай сүйүктүү иш-чарага айланганы кубандырмакчы. Компания ата мекендик спорттун ири демөөрчү катары спорттук иш-чараларга өзгөчө көңүл бөлүү менен колдоо көрсөтүп келет.             

MegaCom –  спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы