Перейти на новый сайт
MegaComдун роуминг кызмат менен жаңы жылдык эс алуулар

MegaComдун роуминг кызмат менен жаңы жылдык эс алуулар

 

Мега-түйүндүн көптөгөн абоненттери эс алуу убагында, башка мамлекеттерде кышкы майрамдарды белгилөө салтанатынын күбөсү болуш үчүн жана эң негизгиси - майрамдык маанайдагы күндөрдү ырахаттануу менен өткөрүү үчүн чет элге сапарга чыгышат. Майрамды белгилеш үчүн бара турган популярдуу мамлекеттер: карга бөлөнгөн Орусия, кең талаалары бар Казакстан, тарыхы бай Түркия жана ошондой эле жыл бою жай мезгили болгон Араб Эмиратары, Индия, Таиланд жана Малайзия. Дүйнөнүн кайсыл гана жеринде болбоңуз, MegaComдон роуминг кызматы менен жакындарыңыз менен байланышта боло аласыз.

MegaCom роуминг кызматы көрсөтүлчү өлкөлөрдүн жана роуминг өнөктөштөрдүн тизмегин көбөйтүүдө. Ыңгайлуу жана үнөмдүү роуминг кызматтарын ишке киргизип келет, бул кызматтар менен чет элде номуруңузду алмаштырбастан колдоно аласыз. Эми Velcom (Беларус) жана Beeline (Орусия) түйүндөрүндө 3G/GPRS роумингом кызматы менен колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Ушул жылдын декабр айынан тарта life:) (Беларус) жана MY Maxis (Малайзия) түйүндөрүндө алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматы менен колдонуу мүмкүн.

Өз абоненттери көп талап кылган багыттарды тандап, MegaCom роуминг кызматы иштеген өлкөлөрдүн тизмегин көбөйтүп келет. Кээ бир өлкөлөрдө бир нече операторлор менен роуминг боюнча макулдашуулар бар, бул роуминг өлкөлөрүндө каптоо аймагынын көп болушунун кепилдиги.

Чет элге сапарга чыгаар мурун компаниянын Филиалдык түйүнүнө кайрылып роуминг кызматын кошуңуз. Кызмат жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн толук тизмеги менен компаниянын сайтынан тааныша аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы