Перейти на новый сайт

MegaCom: SMS-шылуундуктан сактаныңыз

MegaCom: SMS-шылуундуктан сактаныңыз

 

Мобилдик түйүндөрдүн өнүгүшү менен телефондук шылуундуктун жана мобилдик түзмөктөрдүн ишине зыян алып келүүчү программалардын саны арбууда. MegaCom  компаниясы абоненттерине кам көрүп, алардын коопсуздугун көз жаздымда калтырбай келет. Макалабыз шылуундук менен байланышкан жагымсыз жагдайлардын алдын алуу үчүн көрүлүүчү чаралар жана  негизги коркунуч булактары тууралуу болмокчу.

 

  1.     Зыяндуу колдонмолор
    Android смартфондорунун жана планшеттеринин ээлери үчүн башкы коркунуч— бул зыян алып келүүчү колдонмолор. Аларды расмий түрүндө да, башка булактар аркылуу да жүктөп, түзмөккө орнотуп алууга болот. Мындай колдонмолор бардык эле учурда коркунучсуз болбойт, төмөндөгүдөй жагымсыз учурлар болушу мүмкүн:
    •          Мобилдик ботнетке кирип калуу коркунучу Сиздин түзмөгүңүз шылуундун буйруусу менен SMS жөнөтүп, сайттарга кирип, телефон китепчеңиз боюнча спам-жөнөтмөлөрдү жөнөтө баштайт. Бул тууралуу сиз билбей да  каласыз.
    •         Акча каражаттарынын алынышы. Маселен, зыян алып келүүчү түзмөк акы төлөнүүчү номурларга SMS жөнөтүүсү мүмкүн. Мындан тышкары, төлөмдү тастыктоо үчүн банктар жана төлөм системалары тарабынан жөнөтүлгөн  SMS билдирүүлөрдү шылуундарга даректеп кое турган колдонмолордун да бар экендигин эскерте кетели.Эгерде алар кандайдыр бир жол менен сиздин жашырын сөзүңүздү билип алышкан болсо, сиздин эсебиңиздеги каражаттарды оңой эле ала алышат.
    •          Персоналдык маалыматтарды ачуу. Шылуундар акча каражаттарыңызды алып эле тим болушпайт. Айрым зыяндуу колдонмолор киргизилип жаткан текст, GPS-координаттар аркылуу же микрофондогу үндөрдү тыңшоо менен сиз тууралуу маалыматтарды билип алышат. Натыйжада, мисалы сиз социалдык тармактын аккаунтунун жашырын сөзүн  кантип билдирип койгонуңузду өзүңүз да билбей каласыз.

 

Өзүңүздүн акча каражаттарыңызды жана өзүңүз тууралуу персоналдык маалыматтарды коопсуз сактагыңыз келсе шектүү булактардан колдонмолорду жүктөп жана орнотуп алуу коркунучтуу экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.Колдонмону орнотуудан мурун талап кылынуучу укуктардын тизмесине көңүл буруңуз.Эгерде сиз кайра даректөөгө кабылып жана файлды жүктөп алган болсоңуз, аны өчүрүп салыңыз.

 

  1.    SMS-шылуундук

Зыян алып келүүчү колдонмолор менен бир катар эле шылуундардын дагы бир нече амалы бар. Атайын сайттарды түзүп алып, кандай гана жол менен болбосун акы төлөнүүчү номурга SMS жөнөтүүңүздү суранышат (талап кылышат). Шылуундуктун  схемасы жөнөкөй:сизге пайда алып келе турган кандайдыр бир кызматты убада кылышат. SMS-шылуундар төмөндөгүдөй ыкмаларды пайдаланышат:

  •          Күтүлбөгөн байге.«Сиз байге утуп алдыңыз! Байгеңизди алуу үчүн …номуруна SMS жөнөтүңүз»
  •          Башка бирөөнүн акчасы. Эгерде Сиздин эсебиңиз капысынан эле акча каражаты менен толукталып калса, бир аз убакыттан кийин төмөнкүдөй  мазмундагы SMS келиши толук ыктымал: «Кечиресиз, жаңылыштык менен сизге 300 сом салып коюптурмун. Ушул номурга кайтарып берүүңүздү суранам». Эгерде абонент бир санга жаңылып башка абоненттин балансын толуктап алган болсо, компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылып, чыптасын көрсөтүп жана өзүнүн акчасын кайтарып ала тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.
  •        Банктан SMS-билдирүү. Эгерде Сизге:«Сиздин банктык картаңыз бөгөттөлгөн. Толугураак маалымат ...номуру боюнча» деген мазмундагы билдирүү келсе, бул маалыматты банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн номурлар боюнча тактап алыңыз.
  •          Белгисиз шилтемелер. Шылуундуктун дагы бир түрүнө токтоло кетели. Шилтемени ачканда телефонуңуз вируска кабылат жана эсебиңизден акча  каражаты алына баштайт, болбосо системаны бөгөттөп, көрсөтүлгөн номурга кайсы бир суммадага акча каражатын которууну сунуштайт.

Кызыктырган жарнамаларга ишенип, түшүнүксүз сайттарда көрсөтүлгөн кыска номурларга  SMS жөнөтпөңүз. MegaComдун «Чалууларды жана SMSтерди чектөө» кызматы акы төлөнүүчү номурларга билдирүү жөнөтүүгө тыюу салууга мүмкүнчүлүк берет.

Шектүү сайттар, колдонмолор сизге көйгөй алып келе тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.  

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы