Перейти на новый сайт

Бишкек жана Ош шаарларында MegaComдон веложүрүш

Бишкек жана Ош шаарларында MegaComдон веложүрүш

Велосипеддерге жол ачкыла! Чайыттай тийген жазгы күн нурларына чагылышкан MegaCom байрагы алдында Бишкек жана Ош шаарларында  чоң  веложүрүш өткөрүлүп, миңдеген тажрыйбалуу  велоспортчулардын  жана велоспортуна кызыккан мекендештерибиздин башын бириктирди. Бул иш-чара компаниянын уюлдук байланыш тармагындагы  ийгиликтүү иш алып барып жатканына 10 жыл болгондугунун, аны менен катар жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын масштабдуу ишке киргизилгендигинин  урматына уюштурулду. Катышуучуларга эч кандай чек коюлган жок, башкысы – тепкенге  жарактуу велосипеди менен жакшы маанайы гана жетиштүү эле.

“2016-жыл MegaCom үчүн мааракелүү жыл. Бул жылы компания өзүнүн 10 жылдыгын белгилеп жатат, аны менен катар 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясы ишке киргизилди. Ошондуктан,биз ойлонбостон туруп Велосезондун ачууга көмөк көрсөтүп, кыргызстандыктар менен кубанычыбызды тең бөлүшүүнү чечтик.Сөзүбүзгө аралжы, Ош шаарынын тургундары үчүн да майрам уюштурулуп, ал эми спорт менен машыгуучулардын санын көбөйтүүгө өбөлгө боло турган масштабдуу веложүрүштөр Ош жана Бишкек шаарларында өттү. MegaCom спорт жана сергек жашоо үчүн!”- деп белгилей кетти, өз сөзүндө  компаниянын генералдык директору Азат Базаркулов.  

 

Салтка айланган веложүрүш Бишкекте 27-март күнү болуп өттү. 2016-жылдын Веложүрүшүнүн ачылышы мурда болуп көрбөгөндөй сандагы  катышуучуларды чогулта алды, тагыраак айтканда сезондун ачылышына 800дөн ашуун  адам келди. Уюштуруучулар саат 10до велосипедчендерди бүйүрдү кызыткан музыканын коштоосунда MegaComдун фирмалык футболкалары менен тосуп алышты. Мүнөт сайын Революциянын каармандары аянтында чогулуп жаткандардын катары арбып, түрдүү курактагы адамдар:  мектеп окуучулары, студенттер, велоспорттун сүйүүчүлөрү жана тажрыйбалуулар топтолуп жатышты. Веложүрүшкө үй-бүлөлөрү менен келген учурлар болду, анткени, бала кезинен баштап сергек жашоого болгон сүйүүнү ойготуу маанилүү да. Айланада майрамдык маанай  өкүм сүрүп, катышуучулар стартты чыдамсыздык менен күтүп жатышты. MegaCom компаниясынын генералдык директору Азат Базаркулов баштаган велоколонна шаар аралап Түштүк дарбазадагы Жеңиш сейил багы тарапка жол тартышты. Шаардыктар велосипедчендерди суктануу сезимдери менен таң калып карап, аларды колдоп кыйкырып жатышты. Автомобилчендер болсо сабырдуулук менен велоколонна аягына чейин өтүп бүткүчө күтүп, алар менен тилектеш экенин билдирип сигнал берип турушту. Убакыт бир саамга токтоп калгансып, көп сандаган автомобилдер, маршруттук таксилер, автобустар жок болуп, Бишкектин борбордук көчөлөрүн жүздөгөн велоспедчендер ээлеп алгандай таасир калтырып турду.  Ал эми Түштүк Дарбазадагы Жеңиш сейил багында болсо шайыр мүнөз алып баруучулар бир аз чарчай түшкөн велосипедчендерди позитив менен тосуп алышты. Алар кызыктуу оюндарды уюштурушуп, оюндун катышуучулары мобилдик оператордун фирмалык футболкаларын утуп алышты. Бир аз эс алып алгандан кийин, велосипедчендер майрамды андан ары улантып, Орто-Сай айылынын үстүндөгү “Боз-Бөлтөк” тоосуна финалдык пикникке жөнөштү. Ал жакта иш-чаранын катышуучулары ат жалына казан асып, атайын даярдалган даамдуу палоодон даам сызышты. Ал эми, шаар толугу менен көрүнгөн панорама калтырган таасирлери тууралуу  айтуунун кажети жоктур. Жолугушууну шаардын R-Bikers бейрасмий велоклубу  «BOOM Studio» Ассоциациясынын колдоосу менен уюштурду.

 Ал эми бир күн мурда, 26-март күнү түштүк калаабызда  шаар башкармалыгынын жана MegaCom компаниясынын колдоосу менен Ош шаарынын тарыхында эң биринчи жолу масштабдуу, чоң веложүрүш уюштурулду. Биринчи вело-иш-чараны 500дөн ашык катышуучу чыдамсыздык менен шаардын эң башкы аянтында күтүп турушту.Мындай сандагы  велосипедчендердин тобун  Ош шаары али көрө электей. Веломарафондун маршруту шаардын  Ленин жана Курманжан Датка чоң көчөлөрү аркылуу өттү. Жолдун жалпы узундугу 6 километрди түздү. Жүрүштүн аягында катышуучуларды  иш-чаранын алып баруучулары тосуп алышып, кызыктуу оюндарды өткөрүп, мобилдик оператордун фирмалык белектерин тапшырып жатышты. Экстремалдык номурларды  көрсөткөн велосипедчендер көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырса,чимириле бийлеген “Роза” жана «Let’s GO Pro» бий топтору чогулгандарды кайдыгер калтырышкан жок. Мукам үндүү ырчы кыз Айзирек жана «Blade Stars» топтору өз өнөрлөрүн менен элге  тартуулап жатышты.

 

“MegaCom компаниясы спорттук иш-чараларды активдүү колдоп, спортту жана сергек жашоону даңазалап келет. Ошондуктан Ош шаарында веложүрүштү  жыл сайын өткөрүп, бул саамалыкты салтка айландыргыбыз келет”, - деди компаниянын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.

"Веломарафон – дене-мүчөңдү калыбына келтирип, бир калыпта кармоого жакшы мүмкүнчүлүк. Бул жерге жаштардын көп келгени аябай кубандырат, демек бизде сергек муун өсүп келатат. Улгайып калган адамдар дагы бар. Ден-соолукту сатып алууга мүмкүн эмес. Дене-мүчөң жакшы формада болсо – бул жеткен байлык”, - деди Оштун дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин адиси Фарух Сыдыков.

Велосезондун ачылышы велоспортчулар  үчүн жаздын башталышы, бул календардагы же метеорологиялык түшүнүк эмес – спорттук түшүнүк. Вело ачылыш – бул эски достор менен жолугуп, жаңылар менен таанышканга, алар менен сезонду чогуу өткөргөнгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болсо, ал эми жаңыдан велосипедге отургандарга велоспорт дүйнөсү менен жакындан таанышуу. Анда эмесе, Велосезон ачык деп жарыяланды!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы