Перейти на новый сайт
Нооруз майрамына карата MegaCom’дон жагымдуу белектер!

Нооруз майрамына карата MegaCom’дон жагымдуу белектер!

MegaCom күн менен түндүн теңелүүсүнүн белгиси болгон Нооруз күнү майрамдык акцияга катышууга чакырат!

Аталган акциянын ар бир катышуучусу, компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунда балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган учурда, бонустук мүнөттөр жана SMSтер түрүндөгү жагымдуу белектерди ала алат. Мындан тышкары, бардык кардарларды майрамдык чакан дасторкон күтмөкчү.

Жаз майрамынын жана компаниянын он жылдыгынын урматына, Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда чоң майрамдык концерт өтмөкчү. Концерт кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт.

MegaCom компаниясы жаз майрамы менен бардыгын куттуктап, жаз күнүндөй жаркын маанай, чың ден-соолук, ийгилик, ынтымак-ырашкерлик каалап кетмекчи!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы