Перейти на новый сайт

MegaCom: жогорку сапаттагы тейлөө - ийгиликтин башаты!

Жыл сайын 19-мартта бүткүл дүйнө белгиленүүчү  Эл аралык кардарлардын күнү менен MegaCom компаниясы бардык абоненттерди куттуктайт жана ишеним үчүн ыраазычылык билдирет.

Уюлдук оператор өнүгүү стратегиясынын  башына Өз кардарларын коет жана кардарларына мобилдүү болууга, убакытты башкарууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга эң сапаттуу, заманбап жана жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо менен жардам берет. Күнүнө Кардарларды колдоо кызматына *500 божомол 55 миң абонент кайрылат. Контакт-борбордун адистери ар дайым абоненттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бергени даяр. Компаниянын филиалдык тармагында, ошондой эле Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондордо күнүнө 20 миңге жакын абоненттер тейленет. Ал жакта кардарларды компетенттүү кызматчылар кутөт, ар кандай уюлдук кызматтарды кошууга профессионалдуу консультация берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, көрсөткөн кызматтын сапатын жакшыртуу максатында дайыма абоненттердин канаттандыруусун жогортуу үчүн MegaCom копмпаниясына электр байланыш кызматтарын көрсөтүү сапатын башкаруу системасы киргизилген. MegaCom компаниясы сапат менеджментинин сертификация системасынан ийгиликтүү өтүп, сертификациялоо системасынын ISO 9001:2008 эл аралык сапат стандарттарынын талаптарына туура келерин далилдеген Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз уюлдук оператору болду. Жылдан жылга MegaCom  компаниясын Өз мобилдик оператору катары тандаган миллиондогон кыргызстандыктарга таанылуу болгонубуз өтө маанилүү.

Биз менен болгонуңуз үчүн рахмат!

Ар дайым Сиздин, MegaCom компанияңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы