Перейти на новый сайт
Ардагерлер MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиришти

Ардагерлер MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиришти

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловдун наамына “Аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо коому” коомдук бирикмеси тарабынан жолдонгон ыраазычылык каты келип түштү.

«Биздин уюм Сизге жана Сиз жетектеген компаниянын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирет. Коомдук бирикмебиздин мүчөлөрүнө-майыптарга жана эмгек ардагерлерине, оорук эмгекчилерине көрсөткөн жардамыңыздар алардын жашоосун жаркын боектор менен кооздоп, дарыланууга, жашоо учугун улоого көмөктөштү. Кайрымдуулугуңуздар үчүн Сиздерге чоң ырахмат. Сиздерге чың ден соолук каалайбыз жана ишиңиздерди ийгиликтердин коштоп жүрүүсүнө тилектешпиз», - деп айтылат катта.

Эскерте кетсек, MegaCom мобилдик оператору 9 -Майды утурлай өлкө боюнча миң ардагерге эки миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөткөн эле. Мындан тышкары, ардагерлер үчүн Кыргыз Улуттук консерваториясында ардагерлердин урматына майрамдык концерт уюштурулган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оорук эмгекчилерине, Ленинград курчоосунда калгандарга жардам көрсөтүп туруу компания үчүн адатка айланган жана уюлдук оператордун социалдык саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы