Перейти на новый сайт
MegaCom бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктайт

MegaCom бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктайт

29- апрелде Бишкек шаары өзүнүн түптөлгөн күнүн белгилейт. MegaCom компаниясы бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктайт жана борбор калаабыздын тургундарына жана меймандарына музыкалык белек катары «Менин Бишкегим» аттуу ырын тартуулайт. Музыкалык белектин автору жана аткаруучусу таланттуу музыкант Евгений Иванов.

«Өзүмдүн башка жакта жашап жатканымды элестете албайм. Мен бул жерде туулуп өскөм. Менин мекенимде мен сыйлаган адамдар жашашат. Чет өлкөлөргө көп чыгам, конкурстарга жана фестивалдарга катышам, башка өлкөлөрдөгү адамдардын жашоосу менен мекендештеримдин жашоо шартын салыштырам. Биздин шаарыбыздай шаар, биздин өлкөбүздөй өлкө, биздин элибиздей эл эч жерде жок деген жыйынтыкка келдим! Кыргызстанда таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүп, мекенчилдикке тарбиялап жана маданиятты өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан компаниялардын бар экендигине кубанамын» - деген сезимдери менен бөлүшө кетти Евгений.

Эске салсак, 1878-жылдын 29-апрели расмий түрдө шаарыбыздын түптөлгөн күнү. Дал ушул күнү Жети-Сүү облусунун аскер губернатору Герасим Колпаковский Токмок уездин Пишпек шаарына которуу буйругун берген. Эски стиль боюнча 29 -апрель, жаңы стиль боюнча 11-май шаар күнү болуп саналат. Буга чейин 29- апрель Шаар күнү катары белгиленип келген болсо, 2014-жылы күз мезгилине жылдырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы