Перейти на новый сайт

MegaComдун контакт-борборуна 9 жыл!

MegaComдун контакт-борборуна 9 жыл!

9 жыл мурун тагыраак айтканда 2006-жылдын 17-апрелинде MegaCom компаниясынын контакт-борбору алгачкы чалууну кабыл алган.

                           

 

Бүгүнкү күндө, Кардарларга колдоо көрсөтүү (ККК) дирекциясынын курамы 40 эсе өсүп, бул алдыңкы байланыш операторунун ири бөлүмү гана эмес, үч жүздөн ашуун адам эмгектенген өлкөдөгү эң ири контакт-борборго айланган! КККнын кесипкөй жамаатынын талыкпас эмгегинин натыйжасында компания өлкөдөгү телекоммуникация жаатындагы биринчиликке ээ болуп келүүдө. Маселен, компаниянын Маркетингдик изилдөөлөр жана талдоолор бөлүмүнүн маркетингдик изилдөөлөрүнө ылайык, MegaCom компаниясы Кыргызстандын уюлдук операторлору арасында жогорку лоялдуулук индексине татып келет. Бул болсо, күн сайын 50 миңге жакын абонентти мобилдик байланыш суроолору боюнча тейлеп келген ККК адистеринин үзүрлүү эмгегинин жемиши десек жаңылышпайбыз.

 

«Кардарларды колдоо кызматы – кадрлардын уясы, устаканасы десек болот. Себеби ар түрдүү факультеттерден, эмгек тажрыйбасы жок келген көптөгөн студенттер, профессионалдык жактан өсүп, компаниянын бардык багыттарындагы алдыңкы позицияларга дайындалып келишет. Бүгүнкү күндө, алардын ичинде IT, маркетинг, PR багытындагы, техникалык жана коммерциялык дирекцияларынын адистери, биз алар менен сыймыктанабыз», - деп белгилеп өттү, MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматынын директору Алена Всяких.

Майрамдык күнү ККК адистери куттуктоолорду кабыл алышууда жана туулган күнүнө карабастан, *500 линиясындагы ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантышууда.

 

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы