Перейти на новый сайт

MegaCom: Рио-де-Жанейро шаарындагы Олимпиада-2016га жолдомо утуп ал!

MegaCom: получи путевку на Олимпиаду-2016 в Рио-де-Жанейро!

MegaCom кыргызстандыктарга Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиада-2016га жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бул тууралуу УОК жетекчилигинин жана алдыңкы уюлдук оператордун өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинде өлкөбүздүн олимпиадалык курама командасы менен болгон жолугушуусунда айтылган.

MegaCom’дун Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытованын айтымында, ар бир кыргызстандык Бразилиядагы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын олимпиада курама командасы менен бирге жолдомосунун бактылуу ээси боло алат. КР УОК жана MegaCom тарабынан өткөрүлгөн иш чараларынын бардык катышуучулары “Бардыгы кошулган” жолдомосун алууга талапкер болуп эсептелет. Бул жолдомо бардык спорт майдандарына кирүү, дүйнөлүк спорт легендаларын өз көзү менен көрүү жана төрт жылдыктын эбегейсиз ири спорттук иш чаранын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү.

Жолугушуу алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов, Эл аралык олимпиада комитети тарабынан тандалган спортчуларга алгачкы стипендияларын тапшырды. 2015-жылдын 1-мартынан тарта 2016-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөт ичинде өлкөбүздүн 12 спортчусу $650 өлчөмүндөгү айлык төлөмдөрүнүн алуучулары болуп табылган. Беделдүү тизмеге спорттун төмөндөгү түрлөрүнүн өкүлдөрү кирген: күрөш, сууда сүзүү, жеңил атлетика, бокс, дзюдо. Канат Аманкуловдун спортчуларга болгон кайрылуусунда, талапкерлер ЭОК стипендиясы менен туура колдонуп, Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада өлкө намысын коргоо үчүн лицензияларга ээ болушарына зор ишеним арттыраарын билдирди.

«Бүгүнкү күндө, спортчулар Олимпиадага даярдык көрүшү үчүн УОК тарабынан ыңгайлуу шарттар түзүлүп, Кыргызстандын Олимпиадага даярдоо борборунун эсебинен каржылоо ишке ашырылууда жана дагы ЭОК стипендиялары тапшырылууда. Азыркы учурда, спортчуларга атайын кийим тигүү боюнча спорт жаатында белгилүү болгон бренд менен сүйлөшүүлөр аяктоодо. MegaCom мобилдик оператору масштабдык PR-кампанияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүп келет. Биздин спортчуларга албан ийгилик жана биринчиликти багындырууну каалайбыз!” – деп, бөлүшүп өттү Канат Аманкулов.

Олимпиадалык баалуулуктарды жайылтуу жана жеңишке умтулуу темасын улантууда, MegaComдун Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова мыкты жаңылык менен бөлүштү:

«Алдыңкы мобилдик оператор ата-мекендик спортко колдоо көрсөтүү ишмердүүлүгүн улантып келет. MegaCom компаниясы Олимпиада-2016да алтын, күмүш же коло байгелерине ээ болгон кыргыз спортчуларына, алардын атынан кичи мекениндеги спорт мекемелерине колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн тартууламакчы. Жеңишке жетип, эң мыктысы болуңуз! “Спорт үчүн, сергек жашоо мүнөзү үчүн, Кыргызстан үчүн!»

КР УОК жана MegaCom компаниясы беделдүү спорттук стипендиясынын лауреаттарын куттуктап, аларга олимпиада чокусун багындырууну каалашты! Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын башкы өнөктөшү, MegaCom компаниясы, спортчулар тууралуу маалыматты Facebook-тагы атайын баракчасы жана компаниянын www.megacom.kg сайты аркылуу кабардар кылмакчы. Бул жерлерден, мушкерлердин олимпиадага көргөн даярдыгы, спорт чеберлери жана алардын машыктыруучулары менен болгон маектешүүлөр жана Кыргызстанда спорттун кандай түрлөрү менен машыгууга зарыл экендиги тууралуу толук маалыматты алууга болот. MegaCom – спорт үчүн жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы