Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттерине эскертет : «Абайлагыла, алдамчылар»!

MegaCom абоненттерине эскертет : «Абайлагыла, алдамчылар»!

Байланыш оператору мобилдик алдамчылык учурлары көп катталгандыгы жана абоненттердин акча каражаттарын алдоо жолу менен алууну көздөгөн шылуундардын аракеттери тамыр жайып жаткандыгы тууралуу эскертет.

Көңүл буруңуз: абоненттерге оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болуп табылгандыгын, ага баш байге - телефон же накталай акча каражаты бериле тургандыгын билдирген ар кандай мобилдик номурлардан жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөр компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин билдиребиз.

- Урматтуу абоненттер, провокацияга алдырбаңыздар! Сиздерге белгисиз адамдар кайрылып, кайсы бир оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болдуңуз деп маалымдаган учурда, ошол замат *500 номуру боюнча Кардарларды колдоо кызматынын адистери аркылуу маалыматты тактаңыз. "Биз, өз кыраакылыгы менен, шылуундардын кылмыштуу иш-аракеттерин алдын алууга көмөктөшкөн абоненттерибиздин кайрылууларын каттап турабыз. Мындай жагдайда жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз,” – дейт өз сөзүндө MegaCom компаниясынын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Абоненттеринин маалымат жана техникалык коопсуздугу-байланыш тармагындагы жаңычыл кызматтарды сунуштоо менен өнүгүү жолун тандаган ири уюлдук оператордун артыкчылыктуу максаттарынын бири. MegaCom компаниясы өз абоненттерин шылуундардын түрдүү амалдарынан, жарнамалык спамдардан коргоп калуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет. Сөзүбүзгө аралжы, өткөн жылы компаниянын техникалык адистери тарабынан 70 миллиондон ашуун спам-билдирүүлөрдү жөнөтүүгө бөгөт коюлгандыгын айтпай кетүүгө болбос.

Компания өз абоненттеринин кызыкчылыктарын коргоо максатында “Абоненттин коопсуздугу” баракчасында жайгаштырылган сактануу ыкмаларын сунуштайт. Мындан тышкары, уюлдук оператор тарабынан демилгеленип жана ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоору келечек муундун маалымат дүйнөсүндөгү коопсуздугун камсыздоо максатын дагы көздөп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Пауза

    кызматы