Перейти на новый сайт

MegaCom бөбөктөрдү Жаңы Жыл менен куттуктады!

MegaCom бөбөктөрдү Жаңы Жыл менен куттуктады!

MegaCom компаниясынын кызматкерлери, Чүй облусунун Орловка айылындагы "Нурмээайса” балдар үйүндө тарбияланып жаткан бөбөктөрдү келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Жаңы жылдык таңкы оюндун көркүн ачкан Аяз ата жана Аяз кыз, компаниянын шайыр кызматкерлери менен бирге балдарга жаңы жылдык белек жана сыйкырдуу кышкы жомок тартуулашты.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары келген меймандарга өздөрүнүн атайын даярдалган оюн-зоок программасын тартуулашты. Иш чаранын фотобаяндамасы компаниянын расмий баракчасынан көрүүгө болот. "Нурмээайса” балдар үйүнүнөн тышкары, MegaCom мобилдик операторунун Жаңы жылдык таттуу белектерин компаниянын ар тараптуу колдоосун алып келген “Ак-Байрак” реабилитациялоо борбору, Жалал-Абаддагы психоневрологиялык балдар үй-интернаты жана Сүлүктү мектеп-интернатында тарбияланган балдар үйлөрүнүн үч жүздөн ашык тарбиялануучулары алышмакчы.

MegaCom компаниясынын башкы директору, Азат Базаркуловдун айтымында, “колдоого муктаж жеткинчектерге жардам берүү менен компания гармониялык коомдун түзүлүшүнө кадам таштоодо”.

Жардамга муктаж болгон балдарга жана калк катмарына жардам көрсөтүү MegaCom компаниясынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө, компания республикадагы 4 балдар үйүн колдоого алган жана квартал сайын аларга материалдык жардам көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы