Перейти на новый сайт

MegaCom тармагынын техникалык жактан өнүгүшү

MegaCom тармагынын техникалык жактан өнүгүшү

Кыргыз Республикасынын аймагындагы телекоммуникация чөйрөсүнүн көч башында келе жаткан MegaCom уюлдук оператору мекенибиздин жалпы аймагын радиотүйүнү менен камтып келет.

3,75G байланышы MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан кеңири жайылтылып келүүдө. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун Жол-Колот айылында бул багыттагы кызуу иштер жүргүзүлүп жатат. Август айында үчүнчү муун байланыш тармагын кеңейтүү жумуштары аталган аймактын Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой айылдарын жана Чолпон-Ата шаарын өз кучагына алып, көл кылаасынын бул аймактарында байланыш сапатынын жогорулагандыгы сезилди. Ош облусунун Таш-Арык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Суулу-Тегерек алтын кени чыккан аймагында жана Нарын облусунун ГЭС чөлкөмүндөгү Жогорку-Нарын курулуш бекеттеринде дагы үн сигналын кабыл алуунун сапаты жакшырды.

Компания 3,75G байланышын жайылтуу менен эле чектелип калбастан, өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы байланыштын сапатын жакшыртууга да басым жасайт. Ысык-Көл облусунун Подгорное, Кароол-Дөбө, Ала-Баш, Дөң-Талаа, Калкагар (Комсомол) жана Ош облусунун Кайың-Талаа, Кызыл-Жар, Чычырканак, Кыш-Абад, Кутурган, Тосой, Алтын-Булак айылдарынын тургундары мобилдик байланыш кызматынан бактысына ээ болушту.

MegaCom улуттук операторунун техникалык адистери абоненттеринин сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыздоо үчүн билек түрө, үзгүлтүксүз аракеттенип келишет.

 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы