Перейти на новый сайт
MegaCom: бир баскыч аралыгындагы кызмат

MegaCom: бир баскыч аралыгындагы кызмат

MegaCom компаниясы, белгилүү Интернет-ресурстарында болуу менен өз абоненттерине дайым жакын болууга умтулат.

Аталган ресурстар аркылуу абоненттер өз компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу дайым кабардар болуп жана MegaCom компаниясынын кардарларды колдоо онлайн кызматынын жардамы менен бардык кайрылууларына ыкчам жооп алышат.

Мындан тышкары, белгилүү интернет ресурстары жаңы кызматтын, тарифтин, опциянын ишке киргизилгендиги, жаңы тейлөө борбордун же кезектеги социалдык объектинин ачылышы, билим берүү же спорт демилгелерин колдоо жана MegaCom компаниясынын колдоосу менен мекендештерибиздин коомдук жашоосунда болуп жаткан кызыктуу окуялар менен бөлүшүүнүн жолу. Социалдык тармактарда компания абоненттери окуя болгон жерден тартылган кооз сүрөттөрдүн жана кызыктуу видео тасмалардын күбөсү болуп, улуттук уюлдук оператор тарабынан өткөрүлүп жаткан акциялар тууралуу билип, аларга катыша алышат. Лоялдуулук программасынын активдүү катышуучулары үчүн компаниянын фирмалык азембелектери же компания өнүмдөрү түрүндөгү белектер каралган. Компаниянын соңку жаңылыктарынан кабардар болуп туруу үчүн социалдык тармактардагы компаниянын расмий барактарындагы аккаунттарга жазылуу жетиштүү: Facebook, Odnoklassniki.ru, Twitter - @MegaComKg @MegaCom_help, Мой Мир, Google plus, LinkedIN кесиптик социалдык тармагы жана: Diesel.elcat.kg, Blive.kg, Namba.kg, Bulbul.kg, youtube.сom, Kloop.kg.

MegaCom социалдык түйүндөрдөгү өз туруктуу окурмандарына ыраазычылык билдирет. Алар бүгүнкү күндө жалпы саны 10 000ден ашуун болгон Интернет-аудиторияны түзөт. Сиздердин бараандуу салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Эске сала кетсек, MegaCom компаниясы өз абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн SMS аркылуу баарлашуу кызматтарын сунуштап келет. Facebook, Odnoklassniki, Twitter, Agent, ICQ, Google+, ВКонтакте социалдык түйүндөрүнүн жана да Gmail жана Mail.ru. электрондук почталарынын колдонуучулары үчүн бул абдан ыңгайлуу. Толугураак маалымат менен компаниянын www.megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы