Перейти на новый сайт

MegaCom тармактын сыйымдуулугун үзгүлтүксүз арттырууда

MegaCom тармактын сыйымдуулугун үзгүлтүксүз арттырууда

MegaCom компаниясы, абоненттерди сапаттуу мобилдик байланыш менен камсыздоо максатында, каптоо аймагын жана тармактын сыйымдуулугун арттырууга багытталган иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Уюлдук оператор, алыскы аймактардагы калктуу конуштардын тургундарынын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурат жана белгиленген аймактарда жаңы базалык станцияларды орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп келет.

Азыркы учурда, компаниянын алгылыктуу иш-аракеттеринин негизинде соңку аймактарда байланыш сапаты жогорулады: Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок, Сары-Ой, Оргочор, Кашат, Жаркынбаево, Богатыровка, Бактуу-Долоноту, Миң-Булак, Жергез (Новоконстантиновка), Барскоон айылдары, Пристань-Пржевальского шаарчасы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары, Чүй облусунун Белек, Военно-Антоновка, Төмөн-Суу айылдары жана Кара-Балта шаары. Мындан тышкары, Ош облусунун Сары-Колот айылынын, Ысык-Көл облусунун Кароол-Дөбө, Нарын облусунун Үгүт, Көк-Жар, Кара-Бүргөн жана Ак-Кия айылынын тургундары мобилдик байланыш кызматтарынан өз жергесинде алгач жолу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми, спутник байланыш линиясын жер үстүнө которуунун натыйжасында, Нарын облусунун Кош-Дөбө айылынын тургундары сапаттуу үн байланыш кызматынан жана Интернеттен пайдалана алышат.

Кечээ жакында, ишке киргизилген жаңы базалык станциясы аркылуу “Теплые ключи” курортуна жана Jannat Resort мейманканасына эс алууга келген борбор калаабыздын тургундары жана меймандары дайым байланышта боло алышат.

Мобилдик интернеттин колдонуучуларынын саны күн санап өсүүдө. Ошол себептен, алдыңкы уюлдук оператор калктуу конуштар жана белгилүү эс алуу жайлары жайгашкан аймактарда тармактын сыйымдуулугун кеңейтүүдө. Маселен, тармакты жакшыртуу иштери Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа райондорунда жүргүзүлүп, аталган аймактарда 3,75G түйүнү пайда болгон.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында кошумча UMTS/3,75G базалык станциясы ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө, Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында, Нарын облусунун Ак-Тал жана Учкун айылдарында жана Чүй облусунун Токмок жана Кара-Балта шаарларында жана борбор калаабызда үчүнчү муундагы (3,75G) түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.

MegaCom компаниясы, үн байланыш, sms, mms, мобилдик интернет кызматтарынын сапатын мындан да жакшыртуу максатында, базалык станциялардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жана үчүнчү муундагы түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүү маселелерине олуттуу көңүл буруп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы