Перейти на новый сайт
Каракол шаарында MegaCom жаңы фирмалык салону ачылды

Каракол шаарында MegaCom жаңы фирмалык салону ачылды

MegaCom Каракол шаарында ачылган жаңы Фирмалык салонунун бардык меймандарына белектерди даярдаган.

Жаңы Фирмалык салондун ачылышына карата, компания үстүбүздөгү жылдын 5-августунан 7-августуна чейин атайын акция өткөрөт. Бул күндөрү, жаңы Фирмалык салондон 50 сомго же андан ашык суммага өз балансын толуктаган абоненттер түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 20 SMSти 10 күнгө ала алышат. Ал эми, аталган тейлөө борборунда өз балансын кайрадан толуктаганда акысыз SMSтер суммаланып (кошулуп), алардын иштөө мөөнөтү акыркы жолу балансты толуктаган учурдан тарта 10 күнгө узартылат. Жаңы SIM-карта сатып алган ар бир абонентке – 30 акысыз SMSтен турган бонустук топтом берилет.

Жаңы Фирмалык салон, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын Карл-Маркс көчөсүндөгү “Ак-Тилек” төмөнкү базарынын аймагында жайгашкан. Иштөө убактысы 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

MegaCom өз абоненттерине дайым жакын болууга умтулат. Ошол себептен, MegaComдун сатуу жана тейлөө борборлору өлкөбүздүн бардык ири шаарларында жана борборлорунда жайгашкан. Тейлөө борборлорунун абоненттерге жеткиликтүү болгондугу, бардык мобилдик суроолорго ыкчам жооп алууга шарт түзөт.
 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы