Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы өз туулган күнүнө карата абоненттерине белектерди тартуулап келет!

MegaCom компаниясы өз туулган күнүнө карата абоненттерине белектерди тартуулап келет!

MegaCom компаниясы эң активдүү абоненттерине компания менен бирге болуп, өз уюлдук операторуна көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип келет. Активдүү абоненттерди жыл сайын аныктап, аларга жагымдуу белектерди тартуулоо салтка айлангандай.

Bishkek Park соода-көңүл ачуу комплексиндеги MegaComдун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун ачылышы, ушундай мүнөздөгү иш-чара менен коштолуп, шарлар менен кооздолгон зал өзгөчө шаңга бөлөнүп турду. Сатуу жана тейлөө борборуна келген меймандар, абоненттерибиз шампан суусундугунан жана ар түрдүү таттуулардан даам татып жатышты.

Баш байге, Samsung GT-I9100 Galaxy S II уюлдук телефону, “Роуминг” кызматынын, тарифтик опцияларынын, SMS, ММS, Интернет, WAP, “Эл аралык байланышка жетки” жана башка байланыш кызматтарынын активдүү пайдалануучусу болгон “Сөз Чебери” тарифтик планын колдонгон Бишкек шаарынын тургуну Калыбек Нуркожоевге ыйгарылды. Жеңүүчүгө заманбап телефон-коммуникаторду компаниянын Коммерциялык бөлүмүн жетектеген Руслан Мамыров тапшырды. «Күтүүсүздөн тартуулаган жагымдуу белегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен MegaCom компаниясы уюшулгандан тартып улуттук уюлдук оператордун кызматтарынан үзгүлтүксүз пайдаланып келем», - деп өз кубанычы менен бөлүшкөн жеңүүчү, өз кезегинде компаниянын дарегине бир катар жылуу сөздөрүн жылоолоду.

Заманбап телефондордун ээлери облустар боюнча да аныкталып, алты активдүү абоненттин ысымдары аталды. Алар:

  • Мирбек Акназаров – Чүй обл., Кара-Балта ш.;
  • Жаныбай Абдыгазиев - Нарын обл., Нарын ш.;
  • Эсенбай кызы Сайкал - Ысык-Көл обл., Каракол ш.;
  • Максуда Нематуллаева - Жалал-Абад обл., Жалал-Абад ш.;
  • Гульмира Саматова - Баткен обл., Кызыл-Кыя ш.;
  • Замир уулу Нурзатбек - Талас обл., Талас ш.;

MegaComдун туулган күнү – майрамдык маанай жана белектер менен коштолот!

 

 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы