Перейти на новый сайт

MegaCom өлкөбүздүн шаарларын жана айылдарын байланыш менен камсыздоонун сапатын жогорулатып, тармактын сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom өлкөбүздүн шаарларын жана айылдарын байланыш менен камсыздоонун сапатын жогорулатып, тармактын сыйымдуулугун арттырууда

Февраль айында, MegaCom, өлкөбүздүн эң алыс жайгашкан айыл-кыштактарынын, шаарларынын тургундарын ишенимдүү байланыш менен камсыз кылууга багытталган 40 базалык станцияны ишке киргизди. GSM-900/1800 стандартындагы базалык станциялар төмөнкү аймактарга орнотулду:

  • Ош обл. – Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа, Андижан-Махалла, Монок, Тажик-Махалла, Талдык айылдары;
  • Баткен обл. – Маргун айылы;
  • Жалал-Абад обл. – Масадан айылы;
  • Талас обл. – Атай Огомбаев жана Калба айылдары.

Жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү менен төмөнкү шаарларда жана айылдарда тармактын сыйымдуулугу кеңейтилген:

  • Баткен обл. – Бешкент, Кайрагач айылдары;
  • Жалал-Абад обл. – Сөгөт, Теңдик (Пазыл-Ата) айылдары;
  • Ош обл. – Гүлбахор айылы;
  • Талас обл. – Талды-Булак, Наматбек, Көпүрө-Базар айылдары.

MegaComдун техникалык адистери, республиканын алыскы аймактарындагы калктуу конуштарды 3,75G түйүнү менен камсыздоо иштерин улантууда. Маселен, эми, Жалал-Абад облусунун Достук, Жар-Кыштак айылдарынын, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Шамалды-Сай шаарчасынын тургундары компания көрсөтүп жаткан кызматтардын түрү менен пайдалана алышат.

Компаниянын миллиондогон абоненттерине сапаттуу байланыш менен камсыздоо максатында, MegaCom компаниясы республика боюнча тармактын каптоо аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы